“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Конституциялык Мыйзам 2026-жылдын28-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык Мыйзамдын максаты референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү болуп саналат.
Конституциялык Мыйзам менен төмөнкүлөр каралды:
– “Кыргыз Республикасынынн референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү;
– референдум өткөрүү процессине катышкан мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясын тактоо;
– референдумду демилгелөө, дайындоо, өткөрүү жана жыйынтыктоо боюнча укуктук жол-жоболорду өркүндөтүү;
– референдумга жарандардын катышуусунун укуктук кепилдиктерин бекемдөө жана элдин эгемендик принцибин камсыз кылуу;
– “Кыргыз Республикасынынн референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын добуш берүүнү уюштурууга багытталган ченемдерин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү (идентификациялоо, добуш берүү, аралыктан добуш берүү, шайлоо бюллетени ж.б.);
– шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин укуктук тактыгын жана бирдей колдонулушун камсыз кылуу.
Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
