Тажикстан ЖККУдан техника каражаттарды бөлүп берүүнү суранды
Тажикстан ЖККУдан тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча Максаттуу программанын биринчи этабынын алкагында техникалык каражаттарды бөлүп берүүнү суранды. Сөз мурда макулдашылган программанын аткарылышы тууралуу болуп жатат, анын ишке ашырылышы 2025-жылы башталган.
«Документ тиешелүү продукцияны өндүрүү же коргоо министрликтеринин кампаларынан бөлүп берүү үчүн мамлекеттик коргонуу заказына киргизүү максатында каржылык каражаттарды бөлүү маселеси боюнча иштелип чыгууда», — деп билдирди уюмдун катчылыгынын кеңешчиси Павел Саркисьян.
