105 миң сомду бербей жүргөн. Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Баткен шаарында ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы катталып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 19-апрелинде 33 жаштагы С.Ү. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, Баткен шаарындагы мал базарда Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну Т.У. аттуу аял менен бир баш уйду торпогу менен 115 000 сомго баалашып, алдын ала 10 миң сом бергени, ал эми калган 105 миң сомду бир жуманын ичинде төлөөгө убада берип, ушул күнгө чейин акчаны кайтарбай жүргөнү белгилүү болгон.
Бул факт Баткен ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Шаардык милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Т.У. аттуу аял кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.
