«Манас» аэропорту штаттык режимде иштей баштады
«Манас» аэропорту аба ырайынын начардыгына байланыштуу токтотулган каттамдарды кайра кабыл ала баштады. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен калың туман түшүп, көрүү аралыгы кескин төмөндөгөн. Натыйжада болжол менен 15 каттам Тамчы, Ташкент жана Алматы шаарларына багытталган.
Учурда көрүү аралыгы калыбына келтирилди. Багыты өзгөртүлгөн каттамдар Бишкекке кайта баштайт. Учактардын учуп-конуу иштери кадимки тартипте жүргүзүлүүдө.
