“Көчмөн сити 2” турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
“Көчмөн сити 2” турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынан кабарлашты.
Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Жаңы комплекс муктаж жарандар үчүн арналган.
Долбоор толук бүткөн соң, 1960 батирди камтыган 20 блок үй пайдаланууга берилет. Ар бир блок 20 кабаттан жогору курулуп, ар бир кабатта 5 батир жайгашат, бул болсо жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Комплекс өз ичине балдар бакчасын жана мектепти, спорт аянтчасын, жер алдындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайын жана отканасын камтыйт.
“Көчмөн сити 2” комплекси — бул жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган, өлкө башчысынын демилгеси менен ишке ашып жаткан ири социалдык долбоорлордун бири. Анын ишке ашышы менен жүздөгөн үй-бүлөлөр өз турак жайына ээ болуп, заманбап жана коопсуз чөйрөдө жашоого мүмкүнчүлүк алышат.
