Араванда эки милициянын таяныч пункту ачылды
16 сентябрь

Араванда эки милициянын таяныч пункту ачылды

Араван районуна караштуу С.Юсупов жана Достук айыл аймактарында бүгүн, 16-сентябрда милициянын таяныч пункттары ачылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Ачылуу аземге Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, Араван РИИБдин башчысы Уланбек Кубатбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.

Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов бул имараттарды куруп берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылык билдирип, С.Юсупов айыл аймагынын башчысы Самат Дүмүровго ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалын, “Ош ОИИБдин башчысынын кол сааты” жана Достук айыл аймагынын башчысы Мамиржан Кадировго “Ыраазычылык кат” жана “Ош ОИИБдин башчысынын кол сааты” сыйлыгын тапшырды.

Өз кезегинде Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Эркимбаев өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн калк арасында тынчтык болуусу зарыл экендигин жана коопсуздук чараларын сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Аны менен катар аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары милициянын таяныч пункттарына жаңы компьютерлерди тапшырышты.

РИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып курулган эки бөлмөдөн турган заманбап милициянын таяныч пункттары керектүү бардык кеңсе жабдыктары менен жабдылып, өз ишмердүүлүгүн баштады.