Соттук экспертиза кызматы менен Соттук эксперттер палатасы өз ара аракеттенүүнү бекемдейт
24 апрель

Соттук экспертиза кызматы менен Соттук эксперттер палатасы өз ара аракеттенүүнү бекемдейт

КРнын 2025-жылдын 8-августундагы №192 "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамына ылайык, биринчи жолу мамлекеттик эмес (жеке) соттук эксперттерди бириктирген КРнын Соттук эксперттер палатасы түзүлдү.

Палатанын түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Т.Кожоновдун Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасынын төрагалары К.Жансеитов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар республикада соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган Кызмат менен Палатанын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бирдиктүү илимий-методикалык жана билим берүү платформасын түзүү, ошондой эле сот эксперттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууну караган кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоорун карашты.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат мамлекеттик эмес (жеке) соттук-экперттик ишти түзүүгө, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү көздөйт.