Баңгизат аткезчилиги боюнча соттолгон аял Кыргызстандан Казакстанга экстрадицияланды
иллюстрациялык сүрөт
21 июнь

Баңгизат аткезчилиги боюнча соттолгон аял Кыргызстандан Казакстанга экстрадицияланды

Кыргызстандан Казакстанга өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды аткезчилик жолу менен ташып өтүү жана сатуу үчүн соттолгон аял өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 16 жыл мурун аял 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.

Сот анын 2010-жылы акчалай сый акы үчүн Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу бир килограммдан ашык гашиш ташып өткөнүн аныктаган.

Жашы жете элек баласы болгондуктан, жаза мөөнөтүн өтөө баласы 14 жашка чыкканга чейин кийинкиге жылдырылган. Бирок 2017-жылы пробациялык көзөмөлдө жүргөн маалда сот өкүмүн аткаруудан качып, издөөгө жарыяланган.

2026-жылдын март айында аял Бишкек шаарынан кармалган. Андан соң Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүнүн негизинде мекенине экстрадицияланган.

Учурда соттолгон аял тергөө абагында кармалууда.