Сокулукта 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды
Сокулук районунунда мыйзамсыз берилген жер тилкелер аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2021-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушундагы калктуу конуштардын жерлерине тиешелүү 0,88 гектарды түзгөн жер тилкеси 22 жаранга мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында баасы 45 млн 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелер мамлекеттик менчикке кайтарылды.
