www
14 июль
Мэрия эскертет! Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр күчүндө
2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин саат 9:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул чектөөлөр жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында киргизилген.
Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарды пландаштырууда талаптарды эске алууну суранат. Мүмкүнчүлүккө жараша күн ысыган маалда оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууну жана белгиленген эрежелерди сактоону сунушайт.
