Кыргызстанда сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпул 12 миң сомго чейин көбөйтүлдү
Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды, ошондой эле сөөк коюу (жерге берүү) жөлөкпулдарын дайындоо жана төлөө тартиби өзгөртүлдү.
Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.
Негизги өзгөртүүлөр сөөк коюу жөлөкпулдарына тиешелүү – эми алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөргө байланыштырылып, каза болгон адамдын статусуна жараша аныкталат.
Жаңы нормаларга ылайык, республикалык бюджеттен төмөнкүдөй төлөмдөр каралган:
— 12 000 сом – иштеген жаран каза болгон учурда;
— 8 000 эсептик көрсөткүч – жеке ишкерлер, дыйкандар, расмий катталган жумушсуздар, ошондой эле социалдык жөлөкпул алуучулар каза болгондо;
— 5 000 эсептик көрсөткүч – айрым категориялар үчүн, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү жана багуусундагылар.
Ошондой эле шаар мэриялары социалдык жактан аялуу катмардагы жарандарга жергиликтүү бюджеттен жөлөкпул төлөп берери бекитилди.
Өкмөттө белгилешкендей, бул өзгөртүүлөр жөлөкпулдардын өлчөмүн учурдагы социалдык-экономикалык шарттарга ылайык келтирүүгө багытталган. Азыркы учурда эсептөөлөр 2010-жылдагы орточо айлык маянага (7 189 сом) негизделип жүргүзүлүп келет, бул инфляциянын өсүшүн жана реалдуу чыгымдарды толук чагылдырбайт.
Негиздемеге ылайык, 10 жылдан ашык убакыт ичинде жөлөкпулдар индексацияланган эмес, ошол эле учурда:
— орточо айлык акы дээрлик 6 эсеге өсүп, 2025-жылы 42 919 сомго жеткен;
— керектөө бааларынын индекси 2,65 эсеге жогорулаган;
— Бишкекте сөөк коюунун орточо наркы 10 000–30 000 сомду түзөт;
— учурдагы төлөмдөр социалдык адилеттүүлүк принцибине дал келбейт.
Жаңы системаны киргизгенден кийин бюджеттин жалпы муктаждыгы жылына 26,5 млн сомду түзөт, кошумча чыгымдар болжол менен 14,7 млн сом болот.
Жаңы жөлөкпулдардын өлчөмү 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул этап-этабы менен каржылоону камсыз кылууга жана бюджеттин туруктуулугун сактоого мүмкүнчүлүк берет.
