Жабыркагандар жок. Бишкекте турак үй өрттөндү
КР ӨКМ
9 март

Жабыркагандар жок. Бишкекте турак үй өрттөндү

Бишкектин Тимирязев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта катталган. Жерине жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Жалын саат 15:51де чектөөгө алынып, учурда толугу менен өчүрүлдү.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түздү.

Үйдүн ичинен күйүүчү майлоочу майлар жана иштетилген май коюлган бактар табылды. Жабыркагандар жок.

Кырсыктын себептери иликтенүүдө.