Сот аткаруучулар жарым жылда 2,3 млрд сом өндүрдү
www
14 июль

Сот аткаруучулар жарым жылда 2,3 млрд сом өндүрдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы тарабынан жалпысынан 2 млрд 376,7 млн сом өндүрүлдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинен 667,2 млн сом мамлекеттин пайдасына которулган.

Ал эми 1 млрд 709,5 млн сом жарандардын, юридикалык жактардын, банктардын жана кредиттик уюмдардын кызыкчылыгы үчүн өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, алимент боюнча карыздарды өндүрүүдө алты ай ичинде тиешелүү аткаруу документтеринин негизинде 466,7 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле мамлекеттин пайдасына мүлктү конфискациялоо жөнүндө сот чечимдерин аткаруунун алкагында 42,9 млн сом өндүрүлгөн.