Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пункту реконструкциядан өттү
президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
3 июль

Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пункту реконструкциядан өттү

Кыргызстан менен коңшу Казакстандын чек арасында жайгашкан "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктун комплекстүү реконструкциялоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу КР президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, долбоор президенттин тапшырмасынын жана колдоосунун негизинде ишке ашырылды.

“Жаңылануу алкагында чек ара бекетинин айланасы жана кирип-чыгуу жолдору толугу менен асфальтталып, жол белгилери жана чийиндери тартылды. Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кирип-чыгуу тилкелери мурдагы экиден төрткө чейин кеңейтилди”, - деди облус башчысы Эрмат Жумаев.