Баткенде Honda Fit унаасын 1 млн сомго баалап, акчасын бербей кеткен жаран кармалды 
Баткен ОИИБ
24 апрель

Баткенде Honda Fit унаасын 1 млн сомго баалап, акчасын бербей кеткен жаран кармалды 

Баткен районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп кабарлайт облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 12-январында Баткен районунун аймагында алдамчылык фактысы катталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Баткен районунун Бужум айылынын 26 жаштагы тургуну А.Б. башка адамдын ишеничине кирип, анын мүлкүн ээлеп алуу максатында мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

Тактап айтканда, шектүү Баткен районунун Чек айылынын 46 жаштагы тургунунун ишенимине кирип, анын Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасын 1 000 000 (бир миллион) сомго баалап, акчасын бир айдын ичинде төлөп берүүнү убадалаган. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөттө каражатты кайтарган эмес жана ар кандай шылтоолор менен из жашырып жүргөн.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.