Бишкекте КР ТИМ менен Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин ортосунда саясий консультациялар өттү
13 ноябрь

Бишкекте КР ТИМ менен Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин ортосунда саясий консультациялар өттү

2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин ортосунда саясий консультациялары өттү.

Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, ал эми швейцариялык делегацияны Мамлекеттик катчынын орун басары, Тышкы иштер федералдык департаментинин Евразия департаментинин директору Пьер-Ив Фюкс жетектешти.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана суу-энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-швейцария кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибин талкуулашты.

Экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Кыргызстан менен Швейцариянын 2022-2025-жылдарга эки тараптуу кызматташуу Программасынын ийгиликтүү ишке ашырылышын эске алуу менен, Тараптар Программаны улантууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун жана ЭККУнун алкагындагы өз ара аракетин жогору баалашты. Көп тараптуу кызматташтыкты талкуулоодо, Министрдин орун басары Медер Абакиров Кыргызстандын БУУнун түзүмдөрүндө көтөрүлүп жаткан демилгелерин колдоо өтүнүчү менен швейцариялык тарабына кайрылды. 

Мындан тышкары, тараптар эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.