Чүй облусундагы Петровка — Нарзан булагы унаа жолуна 7 чакырым асфальт төшөлөт
www
24 апрель

Чүй облусундагы Петровка — Нарзан булагы унаа жолуна 7 чакырым асфальт төшөлөт

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдун жалпы узундугу – 52 чакырымды түзөт. 27 чакырымы буга чейин асфальтталып бүткөн.

2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.