1-июлдан тарта Бишкекте түнкү автобустар ишке киргизилет жана учурдагы каттамдар өзгөртүлөт
1-июлдан тарта борбор калаада коомдук транспорттун жаңы схемасы ишке кирет. Мурдагыдай каттам номерлери колдонулбай, алардын ордуна №1ден №72ге чейинки бирдиктүү номерлөө системасы киргизилет.
Учурда иштеп жаткан каттамдар кайра уюштурулат. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, өзгөрүүлөр бардык учурдагы каттамдарды камтыйт. Узун багыттагы каттамдарды оптималдаштырып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуураак кылуу пландалууда.
Ошондой эле жаңы каттамдык тармакты киргизүү менен бирге коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө толугу менен токтотулат. Жүргүнчүлөр үчүн төлөмдүн накталай эмес ыкмалары гана жеткиликтүү болот.
Негизги жаңылыктардын бири катары түнкү автобус каттамдары ишке киргизилет. Алар пилоттук режимде 1-июлдан тарта шаардын негизги багыттарында жүрө баштайт. Автобустар саат 22:00дөн 05:00гө чейин болжол менен 40 мүнөт аралык менен каттап, тургундардын түнкү убакта да борбор калаанын ар кайсы райондоруна жетүүсүнө шарт түзөт.
Муниципалдык ишканадан белгилешкендей, жаңыланган каттамдык тармак жана түнкү каттамдардын ишке кириши коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган.
