Антальяда кыргызстандык мигранттардын Түркиядагы жумуш шарттары талкууланды
8 ноябрь

Антальяда кыргызстандык мигранттардын Түркиядагы жумуш шарттары талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан 6-ноябрына чейинки мезгилде Башкы консулдуктун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун делегациясынын Анталия шаарына жумушчу сапары болуп өттү.

Кыргыз делегациясынын иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов жана борбордун директору Бактыбек Кудайбердиевдин миграция маселелери боюнча жооптуу Анталия облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Түркияда жүрүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Макулдашылган программанын алкагында ошондой эле Түркиянын лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө катышуучулар бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты, атап айтканда, мигранттардын укуктарын сактоо, алардын статусун мыйзамдаштыруу, ошондой эле эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууга токтолду.

Тараптар иш менен камсыз кылуу жаатында кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты, бул Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын эмгек рыногуна натыйжалуу интеграцияланышына көмөктөшөт.

Мындан тышкары, консулдук мекеменин кызматкерлери кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен биргеликте кыргызстандыктардын иштөө жана жашоо шарттары менен да жеринде таанышышты.