Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 17синен 19-сентябрга чейинки аралыкта республика боюнча локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоосу мүмкүн.
"Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта, дарыя жээктеринде эс алууну башка күнгө пландаңыз. Арык-каналдарды тазалап, жамгырдан топтолгон кыян сууларынын агып өтүүсүнө жол ачыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз же кырсык учурунда “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
