Чет өлкөлүк тоо куткаруучулары Кыргызстанда машыгуудан өтүүдө
2026-жылдын 4-августунда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө мамлекеттерден келген тоо куткаруучуларын кабыл алып, эл аралык машыгууга старт берди.
Эл аралык XII машыгуунун алкагында чет өлкөлүк куткаруучулар Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында куткаруу иштеринин ыкмаларын өздөштүрүп, кесиптик тажрыйбасын жогорулатышат. Машыгуунун жүрүшүндө аскага чыгуу жана түшүү, жабыркаган адамдарды коопсуз эвакуациялоо, ошондой эле тоо шартында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча практикалык көнүгүүлөр өткөрүлөт.
Машыгуу 2026-жылдын 4–15-августу күндөрү Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайындагы Татыр аскасында, Ала-Арча жаратылыш паркында жана Кегети капчыгайындагы Көл-Төр бийик тоолуу көлүнүн аймагында уюштурулат.
Быйылкы машыгууга Россия, Моңголия, Тунис, Иордания, Сауд Арабиясы, Алжир, Судан, Армения, Грузия, Палестина жана Мароккодон келген куткаруучулар катышууда.
