Ош шаарындагы Осмонов көчөсү 6 тилкелүү жолго айланат
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 16-сентябрда таңкы рейддик кыдыруусун Б. Осмонов көчөсүндө улантты.
Мэриядан билдиришкендей, Манастын айкелинен тартып Ак-Тилек айлампасына чейинки жолду кеңейтип, 6 тилкелүү жолго айлантуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жолдун калган бөлүгүндө болсо кеңейтүү иштери азыркы тапта жүргүзүлүп жатат.
