Оштогу Жекелик каналынын эки жээги скверге айландырылат
2 февраль

Оштогу Жекелик каналынын эки жээги скверге айландырылат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 2-февралда тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А. Масалиев көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Масалиев көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен тартып Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулуп алган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди белгиленген тартипте алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аталган иштер шаарды көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.