президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
24 апрель
"Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техникалар тапшырылды
"Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына JAC Т8 үлгүсүндөгү пикап жана эвакуатор тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Унаалардын ачкычын Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов тапшырды.
Жаңы техникалар шаардагы коммуналдык кызматтарды жакшыртуу максатында республикалык бюджеттин эсебинен, тактап айтканда, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарына сатылып алынды.
