Жолдор ачык. 2-февралга карата ашуулардагы абал
2 февраль

Жолдор ачык. 2-февралга карата ашуулардагы абал

Бүгүн, 2-февралда ɵлкɵдɵгү автожолдордо, ашууларда жолдор ачык. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз – Талас –  Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, каттам бар. Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

Ош –  Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп – Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

Министрликтин алдындагы Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан жалпы пайдалануудагы автожолдордо тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.