Баткен районунда куткаруучуларга заманбап шаймандар тапшырылды
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы
6 август

Баткен районунда куткаруучуларга заманбап шаймандар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрт кырсыктарынын, селдин жана сууга чөгүү учурларынын алдын алуу иштеринде колдонулуучу заманбап шаймандар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. 

Жаңы алынган жабдуулар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринин сапатын жогорулатып, куткаруучулардын эмгегин жеңилдетүүгө, ошондой эле кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Шаймандар Баткен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан тапшырылган.