«Түндүк-Чыгыш» бажысы номерлери өзгөртүлгөн 5 жүк ташуучу унааны аныктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда «М.», «Б.-М.» жана «С.Л.Т.Д.» аттуу үч ЖЧК тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташты.
Жалпысынан беш жүк ташуучу унаа текшерилди: бир Shacman, үч HOWO жана бир Sitrak. Алардын бардыгында кузовдордун жана шассилердин заводдук номерлери өзгөртүлгөндүгүнүн белгилери табылды.
Экспертизанын жыйынтыгында завод тарабынан коюлган баштапкы номерлер механикалык жол менен өчүрүлүп, алардын ордуна башка номерлер түшүрүлгөнү тастыкталды. Мындан тышкары, унаалардын иш жүзүндөгү чыгарылган жылдары бажы документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегени аныкталды.
Топтолгон материалдар андан ары кароо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине 4 853 228 сом өндүрүлдү.
