Ош шаарында айрым коомдук тамактануу жайлардын иши убактылуу токтотулду
Ош мэриясы
14 июль

Ош шаарында айрым коомдук тамактануу жайлардын иши убактылуу токтотулду

Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылга бекитилген иш планына ылайык, июль айында «Ош шаарында коомдук тамактануу жайларында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын аткарылышы» маселеси боюнча комиссиянын отуруму өтөт.

Бул максатта мэриянын 9-июлундагы менен Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Ветеринардык кызматтын адистеринен турган комиссия түзүлгөн.

Комиссия тарабына 13-июлдан тартып рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайларында мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле продукциянын сапатын тастыктоочу документтердин жоктугу аныкталды.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында аталган объекттердин иши кемчиликтер толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.

Ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүк фактылары аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Кээ бир жайлардын жетекчилерине генералдык тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды.