Соцфондго жыл башынан бери 10 миңге жакын кайрылуулар келип түшкөн
19 ноябрь

Соцфондго жыл башынан бери 10 миңге жакын кайрылуулар келип түшкөн

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-октябрь айларында 9 миң 973 кайрылуу келип түшкөн.

Анын ичинде:

• жазуу түрүндө кайрылуулар – 414;

• ооз эки кайрылуулар – 1245;

• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 124 жаран;

• “Кыргыз радио” эфир «Биринчи кабылдама” - 5;

• ишеним телефондор аркылуу – 4921;

• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 3264.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

1. пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

2. мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

3. пенсияларды индексациялоо тууралуу;

4. пенсияга укугу боюнча;

5. пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

6. пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;

7. пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;

8. КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.