Бишкек шаарынын Октябрь районунда опузалап талап кылууга шектүү кармалды
2 февраль

Бишкек шаарынын Октябрь районунда опузалап талап кылууга шектүү кармалды

2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына Б.Д. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар ар кандай жолдор менен коркутуп, анын сүйлөшкөн кызынын болжолдуу карызы бар деген шылтоо менен 150 миң сом орус рубли өлчөмүндө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка 1994-жылы туулган Ч.Т. тиешеси бар экендиги аныкталып, шектүү жабырлануучудан опузалап талап кылынган 80 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Кармоодон кийин шектүү Ч.Т. Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.