Равшан Зайниев: Эки министрлик эки башка жолдо өнүгөт деп айтууга болбойт
Жакында президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функциялар Агартуу министрлигине жүктөлсө, Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги алды. Мындай чечимдин оң таасирлери тууралуу И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Равшан Зайниев түз эфиринде айтып берди.
– Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү тууралуу чечимди жогорку окуу жайдын проректору, окумуштуу жана окутуучу катары кандай кабыл алдыңыз?
– Албетте, президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти түзүү чечими олуттуу, заман талабына ылайык келген чечим болду. Бул экөө тең чоң тармак. Ошол эки чоң тармактын бир министрликтин курамында болушу башкарууга, менеджментке, билим берүү сапатын жогорулатууга кедергисин тийгизмек. Анткени, биз өтө тез өнүгүүчү коомдо жашап жатабыз. 21-кылым өзүнүн өнүгүүсү боюнча жогорку кылым болуп калды десем жаңылышпаймын. Ушундай маалда Кыргызстан эки министрликти түзүп, билим берүү системасына чоң жаңычылдык киргизди. Өлкөбүздө калктын саны тездик менен өсүүдө. Мектептердин, бала бакчалардын көбөйүшү аларды кесипкөй адистер менен камсыз кылуу маселесин жаратты. Андан сырткары Кыргызстан дүйнөлүк стандартка – 12 жылдык билим берүүгө өтүү алдында турат. Бул реформанын ишке ашырууда Агартуу министрлигинин чоң милдеттери бар. Ошол эле маалда жогорку, орто, кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик, улуттук аттестациялык комиссия өзүнчө, бирок ажырагыс тармак болуп эсептелинет. Ошондуктан бул тармактарды жалпы эмес, өз өзүнчө башкаруу жолу менен билим берүүнүн менеджментин түзүү жана жүргүзүү аркылуу заман талабына жараша системабызды реформалап, трансформациялап жаңы ийгиликтерге жетебиз.
– Бул эки министрлик бири бири менен тыгыз карым-катышта иш алып барышабы?
– Албетте, бөлүп карай албайбыз, анткени, экөөнүн тең максаты – агартуучулук, билим берүү. «Ааламга жол айылдан башталат» деп коет, ал эми келечекке жол мектепке чейинки билим берүүдөн жана мектептин башталгыч классынан башталат. Ошондуктан, биз, жакшы окуучуларды даярдасак, алар келип орто жана жогорку окуу жайларынан билим алып, республиканын ар кайсы тармактарында сапаттуу иш алып барган адиске айланат. Эки министрлик эки башка жолдо өнүгөт деп айтуу мүмкүн эмес. Тыгыз байланыш менен гана заман талабына туура келген, компененттүү, мекенди жогорку деңгээлге алып чыкчу адистер даярдалат.
