Айнура Сагынбаева: Жуптар турмуш курганга чейин бири бирине ылайык келээрин кантип аныктаса болот
Негизи аял дагы, эркек дагы бир гана нерсени каалайт – үй-бүлөлүк мамиледе бактылуу болуу. Бирок аны кантип туура түзүү керек? Түйшүксүз, чыр-чатаксыз жашоого мүмкүнбү жана сүйүү кайда кетет? Бул суроолорго Караван-Инфонун туруктуу эксперти, психолог, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча коуч Айнура Сагынбаева жооп берет.
– Айнура, аялдар күйөөлөрү үй-бүлөсүнөн да досторун жогору кое турганына көп арызданышат. Үй-бүлө менен коомдун ортосундагы балансты кантип туура түзүү керек?
– Мындай суроо үй-бүлөдө көтөрүлсө, анда коммуникация маселеси бар экен. Себеби салыштыруу, атаандаштык, ультиматумдарды коюу – бул туура коммуникация жасай билбегендиктин белгиси. Эгер үй-бүлөдө гармония, жылуулук болсо жана ага тартылып турса, анда досторду эч ким жогору койбойт. Үй-бүлө менен иш ортосундагы балансты түзүү – ар бир адамдын жоопкерчилиги. Ар бир адамда мындай баланс башкача болот. Кимдир бирөө үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү жактырса, башкалар үй-бүлөсү менен чогуу коомго чыккысы келет. Бул толугу менен жекече көз караш.
– Көп учурда жубайлык жашоо башталып, балалуу болушкандан кийин жубайлар жалпы максатты жоготуп коюшат. Бардык нерсе машинага акча чогултуу, керектүү нерсеге акча жеткирүү деген маселелерге барып такалат. Кантип биргелешкен максат коюп, түйшүксүз, көйгөйсүз үй-бүлөлүк жашоону пландаса болот?
– Жөнөкөй бир сырды ачайын: түйшүксүз үй-бүлөлүк жашоо болбойт. Биздин жашоонун өзү – түйшүк. Жашоону толук бойдон майрамга айлантуунун кереги жок, болгону ошол түйшүктү түшүнүп, кабыл ала билүү керек. Ал эми өзүң үчүн маал-маалы менен майрам уюштуруп, жашоо даамын сезип туруу зарыл. Бул көпчүлүк үй-бүлөлүк жашоодон көргүсү келген чексиз көңүл ачуунун жука чеги. Түгөнсүз сүйүү, кумар, белек-бечкен, көңүл буруу – мындай болбойт. Кадимки үй-бүлөлүк жашоо гана болот – азык-түлүк алып кел, таштандыны чыгар, акча жетпей жатат. Бирок башкысы ошонун ортосунда өзүңө майрам уюштуруп, бири бириңдин көңүлүңдү көтөрүп турсаң – мына, ошондо жашоо даамы жаңыча сезиле баштайт.
– А сүйүү кайда кетет?
– Сүйүү циклы деген түшүнүк бар, бул көз караш дөңгөлөгү сыяктуу. Биз бийик чокуга заматта чыгып алабыз дагы, кийин кайра ылдый түшкөнүбүздө, сүйүү түгөнүп калгандай сезебиз. А чындыгында сүйүү түгөнгөн жок, ал болгону башка баскычка өттү. Дайыма күч алып турган гормондордун агымында жашоо мүмкүн эместигин түшүнүү керек, андай болсо адам жөн гана сынып калат. Башкача айтканда, сүйүү – бул гормондордун, кумардын чоң агымы, эгерде ошол убакта адамдын тамчы канын алып, анын химиялык курамын, кубаныч алып келип жаткан гормонун текшерсек, анын гормону баңгизат кабыл алган адамдын канынан табылган гормонго окшош экенин көрөбүз. Башкача айтканда, үзгүлтүксүз кайфта болуу мүмкүн эмес. Ошондуктан организм абдан акылдуу чөйрө.
Ал өзү бул балансты тең салмактайт жана гормондордун агымын азайтат. Ошондуктан биз сүйүү башка нерсеге, мисалы балдарга өтүп кетти деп айтабыз. Бирок чындыгында, сүйүү циклы дайыма айланып турат, ар бир жолу жаңы сүйүү. Сүйүү акырындайт, азаят, анан кайра жаңы күч менен жаңыланат, бирок башка обликте. Бул дөңгөлөктү үй-бүлөгө зыянын тийгизбей тургандай кылып дайыма айлантып туруу үчүн аял да, эркек да сүйүү циклынын механизмин, бул адамды өмүр бою аео болбой турганын, кеткен сезимдер кайра эч убакта кайтпай турганын түшүнүшү керек. Бул деген эки жолу кирүүгө болбой турган дарыя. Болгону жаратылыш деген болоорун кабыл алып, аны башкарууну үйрөнүүгө тийишпиз.
– Үй-бүлөдө сүйлөшүүнү кантип жүргүзүү керек?
– Баарынан биринчи, аял да, эркек да инсан катары бирдей экенин, экөөндө тең адамзатка таандык сапаттар мисалы, түшүнүктүү болууга, сый-урматка ээ болууга, сүйүктүү болууга умтулуу ж.б. бар экенин кабыл алууну үйрөнүү керек. Бирок аны менен катар жашоону, деги эле бардык нерсени кабыл алууда жыныстык өзгөчөлүктөр да бар. Мисалы, эркек эмоцияга өтө берилип кетпейт. Ал көбүнчө сезимин билдирмек тургай, өзүн өзү түшүнө албай калат. Аял бир топ эмоционалдуу жана жашоону такыр башкача көрөт. Мисалы, аял аялдын кийимин көрөт, а эркек аялдын денесин көрөт. Мына, ушундай биз бир эле убакта окшош жана башкачабыз. Ошондуктан үй-бүлөлүк жашоодо эркек аял менен сүйлөшүп жатканда, анын да сендей эле адам экенин түшүнүшүң керек. Ал дагы сен муктаж болгон нерселерге муктаж.
А экинчиси – эркек кайсы бир жерде сени түшүнбөй калышы мүмкүн, укпашы мүмкүн, башкача көрүшү мүмкүн, ошондо абалга, дүйнөгө анын көзү менен кароого аракеттенүүгө туура келет. Ушул нерсе, менимче, сүйлөшүү жүргүзүүдөгү эң маанилүү ыкма. Мен ушундай нерсени байкадым: өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө коммуникация түзө билген адамдын негизинен, убакыттын өтүшү менен ушул эле жөндөмүн үй-бүлөсүндө да колдонууу керектигине көзү жетет. Башкача айтканда, коммуникация ал бардык жерде окшош, бирок үй-бүлөлүк жашоодо поло-ролдук коммуникация да кошулат. Башкача айтканда, сен ал эркек экенин түшүнүп, дүйнөнү анын көзү менен карашың керек, андан тышкары, ал адам экенин түшүнөсүң. Биздин башыбызда көбүнчө туура эмес стереотип бар. Биз “эркек жасашы керек” же “аял жасашы керек” деген негизде тарбияланганбыз. Ошол эле убакта ал дагы адам экенин, эркектер бизди такыр башкача түшүнөөрүн унутуп коебуз.
– Үй-бүлөлүк чыр-чатактардан жоготуусуз өтүүнү кантип үйрөнүү керек?
– Бул татаал суроо. Чындыгында, балким, баарыбыз эле конфликт өзгөчө болгон кандайдыр бир жашоо этаптарынан өтсөк керек. Башкача айтканда, жубайлык жашоодогу 10 жылда болгон конфликт он жылдан кийинки конфликтке такыр окшобойт. Ал же күчтөнөт же алсызданат. Жубайлар туура коммуникацияны үйрөнүшү керек. Негизинен, мен бул жерде көп нерсе аялдан көз каранды деп айтат элем, анткени, биз эмоционалдык жактан ийкемдүү келебиз, эмоциябызды билдире алабыз, үй-бүлөдөгү атмосфера үчүн жооп беребиз, анткени биздин турган турушубуз эле эмоция. Эгерде аял жубайлык мамилени жөнгө сала алса, анда бир нече жылдан кийин ал конфликттерди моралдык жоготуусуз басып өтүүгө жетишет. Эгер андай кыла албаса, анда жоготуулар көбөйөт. Кандай жоготуулар болушу мүмкүн? Бул өзүн баалоонун ылдыйлашы, өзүн күнөөлүү сезүү, депрессия. Эгер аял ү-бүлөдөгү мамилени башкарууга үйрөнбөсө, анда жыл өткөн сайын бул жоготуу көбөйгөндөн көбөйүп жүрүп отурат.
– Үй-бүлөлүк уруш учурунда аял менен эркек ар кандай эмоцияга баш ийишет. Эмоциялардагы балансты кантип таап жана урушту кантип токтотуу керек?
– Уруш маалында эркек көп манипуляция кылат, анткени бул анын коргонуу реакциясы, башкача кылганды билбейт. Аял дагы таарынычы аркылуу манипуляция кылууга аракеттенет. Бирок бул тактикалар жакшы эмес, ошондуктан чыр-чатактан манипуляциясыз өтүүгө умтулуу керек. Сүйлөшүп, жаныңда отурган адам эмнени каалап жатканын түшүнүшүү, ага өз позицияңды манипуляциясыз, сын жана кемсинтүүсүз түшүндүрүү кажет. Абдан жакшы позиция бар: “Мен – окей”, “Сен – окей”. “Сен күнөөлүү, меники туура” позициясында сүйлөшпөңүз. “Сеники туура, меники да туура – кел, сүйлөшөбүз” позициясында сүйлөшүңүз. Башкача айтканда, сен өнөктөшүңө: “Сен күнөөлүүсүң, сен туура эмес кылдың, сеники туура эмес”, – деп айтпайсың. Сен: “Мен капа болдум, мага оор тийди, ызаландым”, - деп айтасың. Психологиянын ушундай эрежеси чындап эле иштейт.
– Турмуш курганга чейин бири бириңе ылайык келээриңди кантип түшүнсө болот?
– Аны чындыгында түшүнүү татаал. Деги эле жуптардын бири бирине төп келиши ушул убакка чейин абдан көп талаш жаратат. Ар кандай теориялар бар, мисалы, феромон теориясы, башкача айтканда, жыт аркылуу. Жыты жактыбы – демек, бул сенин адамың. Бирок чындыгында, бизге абдан көп адамдар ылайык келет, аны билбейбиз, көп адам менен бактылуу жашай алмакпыз. Бир гана жубубуз бар, башка жок деген нерсенин өзү жок. Мындай деп да коюшат: сенин келесоолугуң башканын келесоолугу менен туш келет жана экөөңөргө тең жалпы келесоолук жагат. Ошондой эле сексуалдык дал келүү бар, башкача айтканда, өнөктөштөрдүн экөө тең окшош сексуалдык конституциялуу болушу каалоого ылайык: эгер күйөөсүндө орто болсо, аялында да орто болушу керек. Күйөөсүңдө жогорку сексуалдык темперамент болуп, а аялында алсыз же тескерисинче болуп калса, бул абдан кыйын. Адамдар интеллектиси аркылуу да ылайык келишет, башкача айтканда, аларга сүйлөшүүгө ар дайым тема бар. “Өксүк” боюнча да дал келген адамдар бар. Бул акчага, билимге, макамга болгон “өксүк”. Так ушул “өксүк” бириктирген адам көп жубайлар бар, алардын тарбиясы, интеллекти, сексуалдык темпераменти такыр башка, бирок “өксүк” окшош. Бирдей чөйрөдө бирдей тарбия алган адамдар бар, алар көбүнчө мыкты жубайлар боло алышат, анткени дүйнөнү бирдей көрүшөт. Ошондуктан бизге абдан көп адамдар ылайык келет, бир жагынан болбосо дагы, экинчи жагынан. Бирок сага канчалык көп окшоштугу бар адам туш келсе, ошончолук жакшы.
Даярдаган Назгуль Нурманбетова
