
Кыргызстандагы карылардын бактылуу жашоосу үчүн мамлекет эмне кылышы керек
1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда бир айлык жарыяланды.
Бул убакыт ичинде улгайган адамдардын шартын жакшыртуу жана шарт түзүү, укуктарын коргоо, көйгөйлөрүн чечүү жаатында иштер мамлекеттик деңгээлде аткарылат. Кыргызстандын карыларынын көйгөйү эмнеде экенин жана алар өзүн коомдун керектүү бөлүгү катары сезүүсү үчүн кандай иштерди жасоо керектигин "Карылардын ресурстук борбору" Коомдук уюмунун "Карылардын жашоо сапатын жогорулатуу" долбоорунун координатору Нурдин Сатаров айтып берди.
- 1-октябрь – карылардын көйгөйлөрүн көтөрүп маалымат катары көрсөтүп туруучу күн. Ошондуктан биз бул күндү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен чогуу белгилейбиз. Карылардын укугун коргоо – эң көйгөйлүү маселе. Карылардын укугун басмырлоо кеңири тараган: үй-бүлөдөн баштап коомго чейин. Мисалы, 60 жаштан ашкандар көчөдө басып көрсөңөр, жаштар жөөлөп өтүшү мүмкүн. Кыргыздар “карынын астын кесип өтпө” дешчү...
Азыр скутер менен сүзүп кеткенге чейин барып жатышат. Автобустарда карыларга орун берүү кээде болбойт, жаштар отурат, карылар туруп турат. Андан сырткары карыларды медициналык жактан тейлөө дагы төмөнүрөөк болуп жатат. Анын үстүнө карылыктан келип чыкчу ооруларды дарылоо боюнча дагы адистер аз. "Карылардын ресурстук борбору" жаңы долбоор киргизип, социалдык департаменттегилер менен биргеликте жалгыз жашаган, аз камсыз болгон карыларды жыл сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатабыз.
Мындан тышкары, адам карыганда физикалык, психологиялык дарамети өзгөрөт. Биз ошол боюнча семинарларды өткөрүп, анда адамдарды карылыкка даярдоо максатында кантип улгайган куракта оорудан тышкары, психологиялык жактан чың болуп, үй-бүлөгө, коомго салымын кошууга болоорун жеткиришибиз керек. Мындай нерсени пенсия куракка чейинки адамдар арасында жүргүзүп, өзүнчө система кылып алсак да болот.
- Пенсияга чыккандан кийин стресс болуп, депрессияга кабылгандар да болот, ошол акыбалга жеткирбөө үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Карылык ар бир башта бар. Кыргыз “жакшы карысам экен” деген сөздү көп айтат. Жогоруда айтып кеткенимдей, карылыкка пенсияга чейинки курактан, жада калса, бала бакча, мектеп курактан даярдануу кажет. Мисалы, бала бакчаларда, мектептерде карыларга болгон мамиле, сый тууралуу темаларды көтөрүп, сабак өтүп турууга тийишпиз. Ар бир адамды качандыр бир карылык келет, бирок бул жашоонун бүткөнү эмес, анын да өзүнө тиешелүү керемет жактары бар деген түшүнүккө психологиялык жактан даярдасак. Анткени пенсияга чыккандан кийин адамдар эмне кылаарын билбей, өзүн коомго да, үй-бүлөсүнө да керегим жок сезип чүнчүй баштайт. Социалдык изоляция болот, анын айынан мүнөзү да өзгөрөт, ошондон ары ар кандай кыйынчылыктар, оорулар жабыша баштайт.
Мисалы, Алцгеймер оорусу көбөйүп жатат, анын да алын алуу чараларын көрүүбүз керек. Негизи 60 жаштан кийин адамда бир нече оорулардын түрү пайда болот. Бул карылык оорусу. Анын бири – жыгылып майыптыкка чейин жетип жатышат. Ал боюнча мэрия, мамлекет көңүл буруп, кышында жолдордогу тайгалакты өз убагында жоюп турушу зарыл.
Ошондой эле чоң шаарларда карылардын күнүмдүк борборлорун түзүү керек деп ойлойм. Айылдарда адамдар бирин бири тааныйт, пенсияга чыккандан кийин дагы маектешсиз калышпайт. А шаарларда карылар үйгө жашынууга аргасыз, барайын десе бара турган жери жок. Алар үчүн спорттук, ыр, бий, шахмат клубдарын ачсак, карыларды жашоого умтулткан стимул болбойбу. Айрым жерлерде мындай клубдар бар, бирок аны система сыяктуу кылып мамлекет калыптандырышы керек. Карылар өзү теңдүүлөр менен пикир алышып турбаса, социалдык изоляциянын чеңгээлинде калат. Андай курактагы адамдар кимдир бирөө менен сүйлөшүп турушу керек.