Качан батирлүү болгонсуз?
10 июль

Качан батирлүү болгонсуз?

Батирден батирге көчүп кыйналган кездер көпчүлүктүн башынан өткөн жана өтүп жатат. Биз белгилүү адамдардан качан үйлүү болуп өз башпаанегине жетүү тарыхын сурадык. 

Келдибек Ниязов, куудул: «Көмүртамды актап кирип алсак, кайра кубалап чыккан»

Союз учурунда квартира табыш кыйын эле. Орусу, дунганы, уйгуру айтор квартира издеген кыргыздарды эч ким чекебизден сүйгөн жок. Бир жолу квартира издеп жүрүп бир уйгурдун көмүртамынан башка таба алган жокпуз. Жазга маал эле.  Макул болуп баягы жердин көмүрүн тазалап, актап кирип жашап калдык. Күз келгенде кожоюн: «Чыккыла, кыш келе жатат, мен көмүр киргизем» деп кубалап чыкты. Ошентип кайра батир издеп жөнөдүк. Барган жерибиздегилер: «Балдарыңар жокпу? Эгер бар болсо айылга ата-энеңерге бактыргыла! Квартира бар, бирок балалууларды киргизбейм» деген талап коюшчу. Мен азыр 75 жаштамын. Байкасаңар, ушу мен курактуу шаарда жашаган кыргыздардын балдары аз, эң көп дегени үч балалуу болдук. Биз өз үйүбүзгө жетип балалуу болгонго чейин жаш курагыбыз өтүп кетти.

Ошентип темселеп жүргөн кездер жанга батып, биринчи секретарга «үйүбүз жок, үй бергиле» деп филармонияда иштегендер кат жаздык. Ал катты окусаңар силер деле ыйламаксыңар. Биздин жазган катыбыз Абсамат Масалиевге жетип, ал киши Апаз Жумагуловго тапшырма берген экен. Ошентип маданият адамдары 2-3 бөлмөдөн үйлүү болуп жыргап калганбыз. Кийин балам ит багабыз деп чырдап баштады. Кабат үйгө ит баккан азап экен. Ошентип балама карап жер тамга көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жер үйдө жашап келе жатабыз. 

Канат Мамырканов, актер: «Балаңды балкондон ыргытып жиберем деп...»

«Багы жокко дагы жок» дешет го, ошол сөз мага карата айтылганбы деп ойлой берем. Бүгүнкү күнгө чейин сыйлыгы да, башкасы да мага буюрбайт, ал турсун берилген ролдору да алкаш, бомж, азган-тозгондун образы.

Театрдагы алгачкы ишим 1986-жылы Нарын театрынан башталып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатам. Жашай турган жерим жок эки жыл айылыма барып-келип иштеп жүрдүм. Ал кезде азыркыдай жер жайнаган машина жок. Машина, ат араба чыкса ал күнү бактылуусуң. Чыкпай калса жөө-жалаңдап бир нече чакырым жерди басып барасың. Ошентип жүргөн кезде милициялардын үйү бошоп, 11 актёрго берилди. Директорубуз Капар Медетбековдун жакшы санаалаштары эки бөлмөдөн алып, аялым, төрт балам болуп мага бир бөлмө тийди. Ошентип ага кайыл болуп жашап жүргөн кезде артисттерге жаңы үй салынды. Мага бөлүнгөн 3 бөлмөлүү үйгө ажаан аял кирип алып, «балаңды балкондон ыргытып жиберем» деп чуу кылып бербей койду. Ошентип үйсүз каларда театрдагы сүрөтчүнүн эки бөлмө үйүн беришти. Үйсүз калгандан көрө ушуга шүгүр кылып жаша дешти. Ошол эки бөлмөлүү квартирада бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатам. Андан бери 36 жыл өттү.  Артисттердин айлыгы башка үй сатып алууга жетпейт экен. Азыркы ипотекага жазылайын десем карып жашым өтүп кетиптир.  

Гүлнара Сыдыкбекова, кыл кыякчы: «Биринчи батирибиз акжолтой болду»

Ал кезде жолдошум экөөбүз тең  филармонияда иштечү элек. Квартиранын азабын далай тарттык. Айлыгыбыз 50 рубль болсо, аны квартирага төлөйт элек. Ошо үчүн жолдошум эки-үч жерде иштегенге туура келген. Кудай жалгап бир күнү маданиятта иштегендерге  үй берилип калды. Жолдошумдун наамына алынып, 1989-жылы 8-мартта жаңы үйүбүзгө көчүп келдик. Өзүм кош бойлуу элем. Аябай сүйүндүмбү же буйрук ошондой болдубу, айтор, толгоом башталып 10-мартта уулдуу болгон элек. Ошентип биринчи квартирабыз биз үчүн акжолтой болуп башыбызга баш кошулган эле. Арадан канча жыл өтсө дагы ошол үйгө эң алгач алган буюмум диван экенин унутпайм. Жолдошум экөөбүз 180 рубль акчага диван сатып алып кошуналарга, досторубузга, кесиптештерге той бергендей эле майлап бергенбиз. Биз үчүн ошол буюм абдан чоң жетишкендик болгон.

Асел Шалтаева, актриса: «Коркунучтуу батирде жашадык»

Жолдошум эки батирин тең мурунку бүлөсүнө таштап, экөөбүз үйлөнгөндө  баарын нөлдөн баштаганбыз. Ишибиз жүрүшүп, ирденгенге чейин театрда жашап жүрдүк. Кийин мен кош бойлуу болгон кезимде Туңгуч кичирайонуна квартирага чыктык. Ал квартиранын аурасы ушунчалык жаман болчу. Крандагы суу өзүнөн өзү агып калат, же свет өчүп-күйүп, каалгалар өзүнөн өзү жабылып-ачылып, жаныңда бирөө карап тургандай болуп... айтор, өзүнчө эле коркунучтуу жай болчу. Мындайды мурда кинодон көрсөм, бул жолу өз башымда өттү.  Жолдошум эртеден кечке жумушта да, мен үйдө. Кечинде келгенде болгон окуяны айтсам «сага ошондой сезилип жатса керек» деп койчу. Бир жолу акылга сыйбаган окуяга туш болдум. Ваннанын эшигин жапсам улам бирөө түрткөндөй ачылып жатты. Анан эле көз алдымда кран өзүнөн-өзү ачылганда эшикке чуркап чыктым дагы жолдошума чалып: “Кетели, болду, бул үйгө кирбейм!” дедим. Ошондо достору менен келип көчүрүп кеткен эле. Биз кетип жатканда лифттен кошуна жолугуп: “Силер да кетип жатасыңарбы? Бул жерден буга чейин да квартиранттар кетишкен эле. Негизи бул үйдө бирдеме бар. Буга чейин сойкукана болуп бир нече ай мурун 16 жаштагы кыз киши колду болуп каза болгон” дептир. Кийин жакшы квартирага чыгып жашап жүрдүк. Бирок, канча жыл батирден батирге көчүп жүрсөк да, жолдошума бир да жолу күнүмдүк тиричиликти айтып урушуп көрбөптүрбүз. 2021-жылы үй алып, 16-

мартта үйдү каттаганга барганда жолдошум ошол күнкү туулган күнүмдүн урматына жана ушул кезге чейин сабырдуу болуп, ар тараптан аны колдоп келгениме  ыраазычылык айтып менин наамыма үйдү каттап берген эле.

Зарема Асаналиева, актриса: «15 миң сом айлыгым менен кантип үйгө жетем, билбейм...»

«Менин квартирам», «менин үйүм»  деп айткым келет. Тилекке каршы, менде азырынча үй жок. Канча жылдан бери менин бирден бир көйгөйүм ушул. Эки баламды жалгыз багып жүрүп, алган 15 миң сом айлыгым менен кантип үй алышты билбейм. Канча жылдан бери жакшысына да, жаманына да жашап көрдүм. Ар кандай кожоюндардын сыноосуна, кордугуна чыдадым.  Бир тааныш эженин үйүндө ижарада турчумун. Өткөн кышта батирлердин баасы укмуш өсүп кетпедиби, ошондо январдын суугунда балдарым менен чыгарып коюп абдан ыза кылып ыйлатты. Мен го чоң адаммын, суукка чыдашым мүмкүн. Мындай учурда балдарга убал болот экен. Акыры иштеген жериме барып, аскер кызматкерлерине берилчү жатаканадан бөлмө алып ошол жакта жашап келем. Бир аз таанылып калсаң да жаман экен.  «Ырчы, актрисалар бай болушат го. Эмнеге сенин үйүң жок? Эмнеге жатаканада жашап жүрөсүң?» деген суроолор учурда мага көп берилет. Мамлекеттик ипотекага кезекке турганыма эки жыл болду. Кезегим келип калса буйруса мен да үйлүү болом деген тилегим бар. Бирок аз айлык менен кантип төлөп бүтөм деп ошого сарсанаамын.