Татьяна Турковская: Адам телефону менен жапайы жоогазын популяциясын сактап кала алат
«Кыргызстандын жапайы жаратылышы» фотоэнциклопедиясынын автору Татьяна Турковская (Меньшикова) окурмандарыбызга кушту үркүтүүнү, коёнго таш ыргытууну, аларга ок атууну токтотуп, андан көрө мылтыктын ордуна фотоаппаратты колдонууну сунуштайт.
– Татьяна, жапайы жаныбарларды сүрөткө тартууга болгон кызыгууңуз эмнеден башталган?
– Менин жашоомо фотография дээрлик бала кезимде кирди. 13 жашымда биринчи жолу профессионалдуу фотостудияда болуп, бул техниканы сүйүп калдым жана ошондон кийин жакынкы майрамга карата белекке фотоаппарат сурандым. Ал убакта фотоаппараттар пленка менен иштечү. Кийинчерээк курбум экөөбүз ортодон санарип фотоаппаратын сатып алдык, а эрезеге жеткенден кийин алгачкы күзгүлүү фотоаппараттуу болдум. Ошондон бери фотография менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды, бирок дайыма эле негизги жумушум боло берген жок. Университетти аяктап, башкаруу жаатындагы билим алгандан соң көп жыл персоналдарды башкаруу боюнча менеджер болуп иштедим. Ага кошумча дайымкыдай эле фотографияга кызыктым, бош убактымды адамдарды жана жаратылышты сүрөткө тартууга коротчумун, ал убакта бул кесибим хобби катары болсо керек. Жапайы жаратылышты сүрөткө тартуу жашоомо бир топ кийинчерээк кирди.
– “Кыргызстандын жапайы жаратылышы” уникалдуу фотоэнциклопедияңыздын жаралышы боюнча айтып берсеңиз?
– 2016-жылы офистик иштеп кеттим да, жаратылышка көп чыгып, сүрөткө тарта баштадым. Бир күнү ошондой сапарларымдын биринде абамайдандан алыс эмес жердеги тоңуп калган көлдөн абдан кооз чымчыктарды учураттым. Көрсө, булар ак бүркүттөр экен. Мен кызыгып, карап баштап, айланада абдан көп кызыктуу жана ар түрдүү канаттуулар бар экенин байкадым. Анан аларды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыяладым. Албетте, аны көргөңдөр мага суроолорду бере башташты, мен дагы көбүрөөк маалымат издеп, бул теманы изилдөөгө кириштим. Анын жыйынтыгында, бизде, Кыргызстанда жашаган канаттуулар жөнүндө атайын маалымат өтө аз экенин түшүндүм. Эркин жана жеткиликтүү жазылган китептер абдан аз, болгондо да көбү өткөн кылымдын 80-жылдары жазылгандар.
Ошондо менин жан дүйнөмдүн түпкүрүндө, эң негизгиси, албетте, балдар үчүн кооз сүрөттөрү жана сыпаттамалары менен заманбап, актуалдуу китепти түзүү идеясы пайда болду. Бирок аны ишке ашырууга көп жылдар керектелди, ал жылдар аралыгында пикирлешим жана жолдошум Иван Турковский менен жапайы жаратылышка активдүү чыгып, сүрөткө тартып, изилдеп жаттык, биздин, казакстандык жана Москвадагы Илимдер академиясынын адистери, кызматкерлери менен баарлаштык. Биргелешкен аракеттердин жыйынтыгында, китебибиз жарыкка чыкты. Албетте, бир китеп, мейли ал абдан чоң болсун, өлкөбүздү байырлаган бардык канаттууларды батыра албайт. Бирок биз кыргыз флорасы менен фаунасынын эң коозун гана эмес, кеңири тараган өкүлдөрүн да камтууга аракет кылдык, эң негизгиси китепте орус, латын жана кыргыз тилинде аталыштар бар.
– Сиздин оюңузча, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн атууга жол бербөө үчүн калк менен кандай тарбиялык иштерди жүргүзүү керек?
– Тилекке каршы, биздин өлкөнүн аймагында браконьерлик көйгөй абдан курч жана эч кандай айыптар же чектөөлөр аны азайтууга жардам бербей жатат. Иван экөөбүз социалдык тармактарда маалыматтык-үгүттөө иштерин жүргүзүп, жашоочуларыбызга жаныбарлар дүйнөсү кандай ар түрдүү жана бай экенин, бизди курчап турган канча кооз жандыктар бар экенин айтып, көрсөтүүгө аракет кылуудабыз.
Биз жаныбарлар дүйнөсү канчалык кооз экенин гана айтып тим болбостон, мисалы, алардын абдан назик жана адамдарга абдан көз каранды экенин көрсөтүүгө аракет кылабыз. Адамдын табияты ушундай: эмнени билсе, эмнеге суктанса, эмне менен тааныш болсо, ошого кылдат мамиле кыла баштайт.
Мына, ушуга байланыштуу биз жашоочуларыбызды флора жана фаунабыздын өкүлдөрү менен тааныштырып, бул биздики, кымбат, кооз жана баалуу, аны урпактарыбыз үчүн сактап, келечек муундарыбыз көрүшү үчүн коргошубуз керек деген сезимди жаратууга аракет кылып жатабыз.
Биздин китеп кандайдыр бир деңгээлде жаратылышты сактоого салым кошот деп ишенем, анткени балдарга китепти окуп, көрсөтүп, жаратылыш жөнүндө сөз кылуу менен ата-эне андагы жапайы жаратылышка болгон мамилени калыптандырат, аны аяр сактоого, баалай билүүгө умтулууну пайда кылат.
Ал балдардан аң-сезимдүү, өзүн башкача алып жүргөн адамдар чоңоет жана ата-энелердин өздөрү да жапайы жаратылышка аяр мамиле жасай баштайт деп ишенгим келет, анткени кээде эң жөнөкөй насаат кептер эле жетиштүү: кушту үркүтпө, коёнго таш ыргытпа, аларга ок чыгарба, андан көрө мылтыкты фотоаппаратка алмаштыр.
Тынч аңчылык классикалык аңчылыктан кем эмес кызыктуу жана эргитүүчү күчкө ээ, ошондой эле ал билимди жана жөндөмдү, белгилүү бир эпчилдикти, этияттыкты жана чыдамкайлыкты, дагы көп сапаттарды - баарын санап чыгуу мүмкүн эмес - талап кылат. Бул учур адамга позитивдүү эмоциялардын чоң толкунун тартуулайт.
Азыр фототехника бир топ жеткиликтүү болуп калды, ар бир адамдын айлана-чөйрөдөгү көрүнүштөрдү тартып, сезимдери менен бөлүшүүгө телефону бар. Мисалдар өтө жөнөкөй. Адамдар телефондору менен жапайы жоогазындардын популяциясын сактап кала алат. Баары эле тоолордогу жапайы жоогазындарды үзүү менен өсүмдүктү өлтүрүп жатканын жана мындай жоогазындар өтө тез соолугандыктан, үйүнө баары бир жетпей калаарын биле беришпейт. Андан көрө гүлдү жайына коюп, анын сулуулугун сүрөткө тартып алуу жакшы да. Кийинки жылы дагы ал жоогазындар өнүп чыгат, жылдан жылга саны көбөйөт, анан аны балдарыбыз, неберелерибиз көрөт, а алардын сулуулугунун элеси сүрөттө калат, а сүрөттө алар эч качан соолубайт.
Ушул маалыматты адамдарга жеткирүүгө аракеттенүү керек жана эч убакта “биз экөөбүз эмнени кыйратмак элек” деген сөздү айтпаңыз, анткени биздин убакта эки адам деле көп нерсени жасап коет. Соцтармактардагы түшүндүрүү иштеринен сырткары, биз фотокөргөзмөлөрдү өткөрөбүз. Кыргызстандын мектептеринде канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн чоң сүрөттөрүнөн турган он чакты көргөзмө өткөрдүк, алардын ар бирине үч тилде - эне тилибиз кыргыз тилинде да аталышын, мүнөздөмөсүн жаздык, бул жаш муундун жапайы жаратылыш тууралуу маалыматтуулугуна оң таасирин берет, аң сезимине анын баалуулугун жана коргоо, сактоого муктаж экендигин жеткирет. А балким, көргөзмөгө келген балдардын айрымдары билдирүүбүздү же китебибизди окуп, келечекте жапайы жаратылышты сактоого байланышкан ишмердүүлүк менен алек болот.
– Иван менен кантип таанышканыңыз да бизге кызык. Чыгармачылыктан табышып, баш кошууга жеткирген жол кандай башталган? Үй-бүлөлүк жашооңуздар кут болсун!
– Рахмат! Иван экөөбүз бири-бирибизди көптөн бери билчүбүз. Мындан бир нече жыл мурун Бишкекте фотографтар мынчалык көп эмес болчу, баары бири-бирин сырттан болсо да таанышчу. Анан жеке таанышуу болду. Биз Sierra кофе тармагында чогуу иштечүбүз. Көп жагынан, албетте, сүрөткө болгон ышкыбоздук, ошондой эле башка жалпы кызыкчылыктар, адегенде бекем достуктун ачкычы болуп калды, андан кийин бул достук башка багытта өнүктү.
– Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат. Биз келечектеги жолугушууларды чыдамсыздык менен күтөбүз!
Татьяна Караван-Инфонун окурмандары үчүн атайын сүрөттөрдү тартуулады.




