Таласбек Акылбеков: Келечек биткоин жана криптовалюталарга таандык
10 ноябрь

Таласбек Акылбеков: Келечек биткоин жана криптовалюталарга таандык

Биткоин, майнерлер, крипта - бул түшүнүктөрдү Таласбек Акылбеков менен бирге талдайбыз. 

– Таласбек Самаркулович, эмне үчүн криптовалюта темасы актуалдуу болуп калды жана деги эле бул эмне жана аны карапайым адам кантип түшүнөт?

– Бул жылы, америкалык "SEC" баалуу кагаздар комиссиясы  америкалык биржада биткоин соодасын бекитти. Мындан кийин криптовалютанын кескин өсүшү байкалган. Бул криптовалютаны  түзүү тарыхындагы маанилүү учур болуп калды, анткени ал дүйнөлүк рынокто биткоин жана башка криптовалютаны толук легалдуу кылды. Буга чейин ар кандай талаш-тартыштар жаралып, көптөгөн өлкөлөр биткоинди мыйзамдаштырса, айрымдары ага тыюу салган. Келечек криптага таандык, акча рыногу биз каалайбызбы же каалабайбызбы өзгөрүп жатат жана биткоиндин буга таасири абдан чоң. 

– Биткоинди ким жараткан? 

– Биткоинду ким жаратканын эч ким билбейт. 2008-жылдын 18-августунда bitcoin.org домени катталган. 2008-жылдын 31-октябрында криптографияга арналган почта тизмесинде Сатоши Накамото (англ. Satoshi Nakamoto) деген каймана ат менен бир адам же адамдардын тобу «Bitcoin: A Peer-to-Peer Electronic Cash System» деген аталыштагы white paper шилтемени жарыялаган - протоколдун жана төлөм системасынын иштешинин принцибинин бир рангдык тармагы боюнча кыскача сүрөттөмө. Ал эми 2009-жылы алар аны “майнить” этип, башкача айтканда, казып башташты.

Анын эмне экенин, эмне үчүн керек экенин адегенде эч ким түшүнгөн жок. Биткоин акча которуу катары колдонулат жана анда банктын жардамынын кереги жок. Акча которуулар үчүн адамдардын ортосунда ортомчу бар - банк. Бул борборлоштурулган система, анда барган сайын бурамалар бекемделип жатат, азыр кээде акча жөнөтүү бир топ ырастоочу документтерди талап кылат, анын баарын аткаргандан кийин деле акча которо алаарыңыз күмөн. Маанисинде, банктагы акчалар адамдарга таандык эмес, а банктар адамдарды көзөмөлдөйт. Каалаган учурда банк сиздин төлөмдү блоктоп же жокко чыгарып кое алат же акчаңызды алып коет. Бул эл аралык практика. Эсебиңизди блоктойт жана акчанын легалдуулу экенин далилдөөнү талап кылат, а аны далилдөө дээрлик мүмкүн эмес. Баса, банк менен түзүлгөн келишим боюнча, сиздин эсебиңиздеги акча сизге таандык эмес, сиз болгону колдонуучу элесиз. 

Россияда мындай окуя болгон: аялы унаасын сатып күйөөсүнө ири суммадагы акча которгон, бирок күйөөсү ал акчаны ала алган эмес. Ал сотко берип, Жогорку Сотко чейин жетип, сот ага акча бербей турган кылып чечим чыгарган. Бул акылга сыйгыс нерсе, бирок банк системасы ушундай иштейт. 

Биткоин банк системасына альтернатива катары иштелип чыккан. Анын уникалдуулугу эмнеде? Майнинг аркылуу болгону 21 миллион табылат. Бүгүнкү күндө биткоиндин 90 пайыздан ашыгы казылып алынган жана ал 2140-жылга чейин казыла берет. Майнинг кантип иштейт? Компьютерден математикалык маселени чечет жана ага 10 мүнөт убакыт берилет. Бул учурда алар бир блокту табышат жана ал блок бардык майнерлерге бөлүнөт. Башында бир блокто 50 биткоин болот жана ар бир төрт жылда табуу эки эсеге азаят. 25 болсо, андан кийин 12,5 болот, а бул жылдан баштап 3,125 биткоин. 

Каалаган валютаны каалагандай басып чыгарса болот, ошондон улам инфляция жаралат, анткени акча көп басылат, алар эч нерсе менен бекемделбейт. Мурда доллар алтынга байланган болсо, азыр эч нерсеге байланбайт жана ал акчаны каалагандай басып чыгарган өзүнчө топко таандык, а биткоинди каалашыңча басып чыгаруу мүмкүн эмес.

Блокчейн блоктордун чынжырчасы деп которулат. Ар бир блок кийинки транзакция блогун ырастайт. Мисалы, Маша Сашага акча которгусу келет. Ал эми ал которууну жасаганда, транзакция блок чынжырында жазылат жана ар бир кийинки блок аны тастыктайт. Башкача айтканда, майнерлер бул бүтүмдүн аныктыгын ырастайт, анын уникалдуулугу аны өзгөртүү, алмаштыруу, жокко чыгаруу же жасалмалоо мүмкүн эмес экендигинде.

Мындан улам адамдар банктарды кыйгап өтүү менен криптовалюта аркылуу бири-бирине акча которо башташкан. Бул учурда, транзакция үчүн төлөм өтө аз жана которуу ошол замат ишке ашат. Бирок убакыттын өтүшү менен, биткоин төлөм системасы болууну токтотуп, майнинг жана ар кандай техникалык маселелер менен кыйынчылыктардан улам санарип алтын болуп калды.

Которуу бир секунданын ичинде жасалбайт, ал убакыттын бир бөлүгүн талап кылат жана адамдар аны колдонуп, алтындай сактай башташты. Биз дүкөнгө алтын төлөбөйбүз да. Биткоин аз жана аны казып алуу кыйын болуп калды, анын баасы азыр 70 000 долларга чейин өстү. Ал алтындай, ал тургай чыныгы алтындан да бир нече эсе кымбат болуп калды. Алтын эмне үчүн кымбат? Бул сейрек кездешүүчү металл жана казып алуу кыйын, биткоин да ошондой.

Мен 2016-жылы криптовалюталар менен алектене баштаганда, биткоин жөнүндө билгендер аз болчу. Элде, башкача айтканда финансы дүйнөсүн, банктарды, мамлекеттерди башкарган адамдардын арасында кайчы пикир болгон. Дүйнөнүн чоң акчасын башкаргандар да биткоинди тааныган эмес. Алар бул пирамида, алдамчылык жана ушул сыяктуу нерселердин бардыгын айтышкан.

Ал эми Роберт Киосаки, Уоррен Баффет жана башка финансы дүйнөсүнүн атактуу адамдары, инвестициялык фонддор, JP Morgan жана башка банктар да аны тааныган жок. Бирок убакыт баарын өз ордуна койду. Ал эми адамдар биткоин үчүн, криптовалюта үчүн бара башташты, атүгүл биздин Финансы министрлиги биздин өлкөдөгү криптобанктар тууралуу долбоорду иштеп чыга баштады. Эмнеге? Анткени бул акча системасына альтернатива болуп саналат жана бул башка адамдар же борборлоштурулган органдар сизди жана сиздин акчаңызды башкара албаган децентрализация. Башкача айтканда, Маша Сашага түздөн-түз акча жөнөтө алат, бул үчүн минималдуу комиссия алынат, бул тууралуу эч ким билбейт жана сизге бөгөт коё албайт же төлөмүңүздү жокко чыгара албайт. Так ушунун өзү децентрализация, сени башкарууга мүмкүн эмес. Мындай мисал болгон,  WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды камакка алайын дешкенде, анын бардык эсептери жана бардык акчалары жабылып, иш жүзүндө жашоого каражатсыз калган. Бирок адамдар анын крипто капчыгына биткоин жөнөтө башташты, ал аларды кабыл алып, акырындык менен өзүнүн каржылык иштерин жүргүзгөн. Бул - адамдын кандайдыр бир жөнгө салуучу органдардан көз карандысыз финансылык эркиндигин көрсөтөт.

Так ошондуктан адамдар биткоин жана криптовалюталарга барышты. Андан  кийин бир тутам альткоин пайда болду. Бул биткоин үчүн альтернативалык монеталар болуп саналат. Ошентип, криптовалютанын тарыхы пайда болду, адамдар ага кызыгышты жана алар бул жаңы дүйнөгө кирди, ал азыр борбордон ажыратылган жана сизди көзөмөлдөп, акчаңызды башкара турган борбордук орган жок.
Муну, албетте, жөнөкөй адамга түшүнүү кыйын. Бул үчүн ал дүйнөнү изилдөө керек. Бирок жөнөкөй адам эмнени билиши керек? Бул албетте, абдан кирешелүү, бирок ошол эле учурда жөнөкөй адам түшүнүүсү кыйынга турган жогорку тобокелдик рынок экенин. Бирок эгер сиз аны изилдеп, тереңдеп кирсеңиз, абдан жакшы акча таба аласыз.

Ошол эле учурда этият болушуңуз керек, анткени бул дүйнөдө адамдардын сабатсыздыгынан, түшүнүгү жоктугунан пайдаланып, айла-амал жасап, алардын акчасын жөн эле уурдап кеткен шылуундар көп.

Ошондуктан мында тажрыйбалуу насаатчы керек. Биз бул багытта окушубуз зарыл. Ар кандай кесиптегидей эле бул жакта адамдар тажрыйба топтоп, өз тармагынын профессионалына айланат. Инвестицияларда да ушуну айтууга болот: криптовалюталар дүйнөсүндө сиз бул дүйнөнү түшүнүп, тажрыйба топтошуңуз керек, ошондо гана профессионал болосуз.