Гүлсара Куканова: ВИЧ-инфекциясы менен бактылуу жашоого толук мүмкүнчүлүк бар
1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. 2030-жылга чейин СПИДди жоюу боюнча өлкөлөр алган милдеттенмелерге карабастан, адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу эпидемиялардын бирин токтотуу азырынча мүмкүн болбой жатат.
ЮНЭЙДСтин маалыматы боюнча, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия чөлкөмү СПИДден каза болгондордун саны өсүп жаткан жалгыз аймак бойдон калууда, ал эми ВИЧтин жаңы учурларынын саны көбөйгөнү чөлкөмдүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалууда.
Себептерге – алдын алуу жана дарылоонун жетишсиз чагылдырылышы, ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминация, ошондой эле стигманы күчөткөн жана кызмат көрсөтүүлөргө тоскоолдуктарды жараткан ВИЧ-инфекция боюнча мыйзамдардын эскириши кирет.
Акыркы изилдөөлөр тастыктагандай, адамдар көбүнчө коомдо да, медициналык бөлмөдө да диагнозуна же жашоо образына байланыштуу талкууга алынуудан, басмырлануудан коркуп, жардам сурагандан качышат. Ар бир адамдын ден соолугун коргоо үчүн биз ар бир адамдын ден соолукка болгон укугун коргошубуз керек. Ушул жылдын 1-декабрындагы ураан: “Туура жолду – адам укуктарынын жолун танда”.
ВИЧ-инфекция тармагында иштеген дарыгерлер бул иш жүзүндө эмнени билдирерин жакшы билишет. Алардын ар бирине миңдеген адамдар өмүрү жана ден соолугу үчүн милдеттүү.
Мына, ушундай дарыгерлердин бири – Кыргызстан ЖАМКнын оорукана-поликлиникасынын дарыгери Гүлсара Куканова менен маектештик. Гүлсара областтык #YourDoctorCares (Сенин дарыгериң сага кам көрөт) акциясынын каармандары болгон жети дарыгердин бири.
Кампания медициналык кызматкерлердин ВИЧке каршы жооп кайтаруудагы негизги ролун, стигмасыз чөйрөнү түзүү, адам укуктарына негизделген мамилени камсыз кылуу жана калктын саламаттыгына коркунуч түзгөн СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин токтотуу максатына жетүү үчүн ВИЧ менен жашаган адамдарга сапаттуу жардам көрсөтүүнү белгилейт.
– Гүлсара Канатбековна, ишмердүүлүгүңүздүн башаты тууралуу айтып берсеңиз. Эмне себептен дарыгер болууну чечтиңиз?
– Бала кезимден эле дарыгер болгум келчү. Апам айтып бергендей, кичинекей кезимде Бишкектеги 3-шаардык оорукананын дарыгерлери сактап калышкан экен. Айрыкча ошол жерде иштеген профессор Круглов тууралуу жакшы сөздөрдү айтканы эсимде. Бул окуя мага чоң таасир этип, адамдарга жардам берүү каалоосун ойготуп, дарыгер болуп калдым.
– ВИЧ-инфекциясы тармагына кантип келип калдыңыз?
– Мен 2000-жылдардын башынан бери пенитенциардык системада врач-фтизиатр болуп иштеп, кийинчерээк кайра даярдоодон өттүм. Ошол жылдары кургак учук менен ВИЧтин аралаш инфекциясы кеңири тараган. Тренингдердин жүрүшүндө мен ВИЧ жана кургак учук менен ооруган бейтаптарды башкаруу боюнча көптөгөн маанилүү нерселерди жана антиретровирустук терапия боюнча бейтаптарды көзөмөлдөөнү үйрөндүм.
Акырындык менен алган билимимди иш жүзүндө колдоно баштадым, СПИД борборуна дары-дармек алуу үчүн барып, бейтаптарга алардын натыйжалуулугун түшүндүрүп жаттым. Ошондо жетекчим күлүп: «Гүлсара, кабинетиңизге ВИЧ диагнозу коюлган кайгылуу адамдар келип, жылмайып, маанайы көтөрүлүп кетип жатканына таң калам. Сен аларды эмне кылып жатасың?”, – деген.
– Чынында эле эмне кылчу элеңиз, бейтаптардын маанайын көтөрүүгө кантип жеттиңиз?
– Мен ар дайым бейтаптарды колдоого жана ВИЧ өлүм жазасы эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылам. Башында үйгө келгенимде ал кишиге диагнозун тууралуу кантип айтам деп ойлоно бергеним эсимде... Бул дайыма оор эле, кантип сүйлөйм деп ойлоп, уктабай... Көбүнө диагнозун угуу оор, ал тургай кээ бирлери өзүн-өзү өлтүрүүнү ойлошот. Мен антиретровирустук терапия жөнүндө, анын пайдасы, анын жардамы менен толук кандуу жашоого, балалуу болууга жана бактылуу болууга болоорун түшүндүрө баштадым. Ар дайым бейтаптар менен адамгерчиликтүү сүйлөшүүгө, баарын түшүндүрүүгө аракет кылам, анан алар дүйнөгө башкача карай башташат.
– ВИЧ аныкталган биринчи бейтап менен жолугушууңуз эсиңиздеби?
– Албетте, эсимде. Бейтапка жыйынтыкты кабарлоо жөнөкөй нерсе эмес. Бирок менде ВИЧ-инфекциядан же бул диагноздогу адамдардан эч убакта коркуу болбогон. Инфекциянын жугуу жолун билем жана бул тууралуу кесиптештериме түшүндүрөм. Тилекке каршы, медиктердин арасында да түшүнбөй, коркуу менен карагандар бар.
– Сиздин оюңузча, эмне үчүн мындай болот?
– Стереотиптер жана маалыматтын жетишсиздигинен улам ушундай болушу мүмкүн. ВИЧ илдетине чалдыккандарды кабыл алуудан дарыгерлер баш тарткан учурлар да болгон. Менин оюмча, ВИЧ-инфекциясы боюнча бардык дарыгерлер үчүн милдеттүү курстарды өткөрүү кырдаалды өзгөртүүгө жардам берет. Билим коркууну жок кылат. Бирок ВИЧ жыныстык жол менен, кан аркылуу жана энеден балага вертикалдуу түрдө жугушун билген, бирок дагы эле ВИЧ инфекциясын жуктургандардан качкан дарыгерлер бар. Билбейм, эмне үчүн алар коркунучун жеңе алышпайт.
– Сиздин ишиңиз жаза аткаруу тармагына байланыштуу. Бейтаптарыңыздын арасында социалдык жактан аялуу катмардагы адамдар көп болсо керек. Мындай адамдарга кандай карайсыз?
– Мен системада 25 жылдан бери иштейм. Муну кантип түшүндүрүштү билбейм, бирок бейтаптар мени дайыма досу же жакын адамы катары көрүшөт. Мен алар менен ар дайым достук жана сый мамиледе сүйлөшөм. Биз ким менен мамиле кылып жатканыбызга карабастан, мейли баңгизатын колдонгон адамдар, мейли секс-тейлөөчүлөр же башка аялуу топтор болсун – алар менен тең укуктуу сүйлөшүүгө жана колдоо көрсөтүүгө аракет кылам. ВИЧ менен жашаган досторум бар, чогуу бир жактарга барып эс алабыз. Стигма жөнүндө сөз да болбойт.
– Учурда ВИЧ илдетине чалдыккандар менен иштөөдө көп нерсе өзгөрдү. Сизге ВИЧ-инфекциясы бар бейтап келгенде эмне кыласыз?
– Диагноз такталгандан кийин дароо CD4 деңгээлине карабастан антиретровирустук терапияны жазып беребиз. Кээ бир бейтаптар терапия жөнүндө мурунтан эле билип, даярданып келишет. Бирок негизги нерселерди түшүндүрүүгө туура келгендер да бар. ВИЧтин алдын алуунун алкагында бизде зыянды азайтуу программасы, шприц алмаштыруучу пункт жана метадон программасы бар. Анын аркасы менен азыр бардык бейтаптар антиретровирустук терапиядан өтүшөт жана пенитенциардык тутумда жаңы инфекциялар азайып жатканын көрүп жатабыз.
– ВИЧ-инфекциясын жуктургандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамына кандай карайсыз?
– Мыйзамды кайра карап чыгуу керек деп эсептейм. Бүгүнкү күндө ВИЧ – кант диабети же гипертония сыяктуу эле көзөмөлдөөгө боло турган өнөкөт оору. Жана ошондой эле ар бир адам өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек деп ойлойм. Мисалы, бир окуя болгон, жолугушуудан кийин бир аялдан ВИЧ-инфекциясы табылган, анан ал бизди өнөктөшүнүн статусу боюнча эскерткен эмес деп арыз жазган. Бирок диагнозду ачыкка чыгарбоо мыйзамынан улам мындай кыла албайбыз. Азыр ар бир колонияда, СИЗОдо журнал жүргүзүп, жолугушуунун алдында бардыгы ВИЧ жана вирустук гепатит боюнча негизги маалыматтар менен таанышып жатышат. Бул ар бир адам өзүнө кам көрүп, ден соолугуна жоопкерчиликтүү болушу үчүн жасалат.
– Жумушуңузда эмне сизге мотивация берет?
– Мага адамга өзгөчө эң кыйын учурда жардам бере алганым мотивация берет. Абак системасында көп окуялар болуп турат, адам эркиндикке чыкты, а анын үйү да, кийими да, кайсы бир жакка кеткенге каражаты да жок. “Жарым жолдогу үй” сыяктуу убактылуу жашоого мүмкүн болгон баш калкалоочу жайлар бар, бирок көбү ал тууралуу биле беришпейт. Биз жардам берип, сүйлөшөбүз, андан кийин ал киши жумушка орношконуна, айлык алганына, үй-бүлөсүнө кайтып барууга даярданып жатканына күбө болобуз. Үмүтү өчөйүн деп турган адамга кандайдыр бир колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү мага күч-кубат берет.
