Максуда Умарова: “Каркырамды” жүрөк менен өзгөчө маанайда ырдайм
15 февраль

Максуда Умарова: “Каркырамды” жүрөк менен өзгөчө маанайда ырдайм

Социалдык тармак бүгүн кимди көтөрүп, кимди көмүскөдө калтырарын алдын ала эч ким айта албайт. Бирок элдин жүрөгүнө түз жеткен үн сөзсүз жолун табат. Аккордеон муңдуу күүсү менен аткарылган “Каркырам” ыры Максуда Умарованы бир күндө элге таанытты.  Максуда эжени кепке тартып, суроолорубузга жооп алдык.

– Максуда эже, аккордеон менен ырдаган ырыңыз социалдык тармакты заматта жарып, сизди эл оозуна салды. Бул күтүлбөгөн жылдыздуулукпу же көп жылдык эмгектин кеч болсо да келген сыйлыгыбы?

– “Каркырам” ыры көп жылдан бери репертуарымда бар. Бул ырды жөн эле аткарууга болбойт, аны жүрөк менен өзгөчө маанайда ырдайм. Социалдык тармакка тараган видео атайын даярдык же эсеп менен тартылган эмес. Туугандар арасында эле ырдагам. Чынын айтсам, бул ыр ушундай кеңири тарайт, элге жетет деп такыр ойлогон эмесмин. Элдин жылуу кабыл алышы мен үчүн күтүлбөгөн, бирок өтө баалуу колдоо болду.

– Бир эле ырыңыздан  кийин эле сизге болгон кызыгуу күчөдү. Эл сизди сахнадан көргүсү келсе,  чоң сахнага чыгууга даярсызбы?

– Ооба, ал ырдан кийин мага жазгандар, баарлашкысы келгендер абдан көбөйдү. Элдин колдоосу чыгармачыл адамды ойготот экен. Чоң сахнага чыгып, концерт берип, үнүм менен элге дагы көп ырларды тартуулагым келет. Бул – көптөн берки тилегим. Кудай буюрса, убактысы келип калса, өзүнчө концерт берүүгө да даярмын.

– Аккордеонду кайдан, кимден үйрөндүңүз? Бул жөндөм табияттанбы же эмгектин жыйынтыгыбы?

– Аккордеонго болгон кызыгуум бала кезимден эле бар. Алгач өз алдымча үйрөндүм, угуп, көрүп, кайра-кайра аракет кылдым. Кийин сахнада, ар кандай иш-чараларда ойноо менен тажрыйба топтодум. Ал мен үчүн жөн эле аспап эмес, жан дүйнөмдү ачып берген сырдашым.

Музыкалык билимди Ош педагогикалык училищесинен алдым. Ал жерде алган теориялык жана практикалык билим чыгармачылык жолумдун бекем пайдубалы болду.

– Эл арасында “Ынтымак” паркынан чыгып жылдызга айланган Бегимайдын жолу көп айтылат. Сиздин да  жылдызыңыз жанып, чоң сахналарды багынткыңыз келеби?

– Ар бир чыгармачыл адам өнөрү элге жетишин каалайт. Бирок кимдир бирөөнүн жолун көчүрүп эмес, өз жолумду табуу мен үчүн маанилүүрөөк. Өз үнүм, өз стилим, өз тагдырым бар. Ырчылык өнөрдү токтотпой, Кудай буюрса, мындан ары да улантам.

– Азыр үнү бар да, жогу да ырчы болуп, өзүн “жылдыз” атап алган учур. Сиз болсо узак убакыт көмүскөдө жүрдүңүз. Эмне үчүн?

– Кудай берген үндү катып жүрдүм деп айта албайм. Ыңгайы келген жерде ырдап, адамдарга эстетикалык ырахат тартуулап келдим. Ыр мен үчүн атак эмес, жан дүйнөнүн азыгы. Азыр Баткен шаарындагы Жаңы-Жер орто мектебинде музыка мугалими болуп иштейм. Музыкага болгон сүйүүм окуучулар аркылуу да уланууда.

– Өнөр менен үй-бүлөнү кантип айкалыштырып келесиз?

– Бир уулум бар. Үй-бүлө – менин таянычым, күч-кубатым.