Алина Мовшук: Ыктыярчы болуу – бул дүйнөдө көп нерсе сенден көз каранды экенин түшүнүү
Ыктыярчы (волонтер) деген сөз «voluntarius» латын сөзүнөн келип чыккан, бул бизче «ыктыярчы», биздин жашоого 1990-жылдардын башталышында, бейөкмөт коомдук уюмдар пайда болгондо кирген. Бул жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу волонтерлордун жалпы республикалык «BIRGE» форуму болуп өттү. Өткөрүлгөн жери – Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА), жөн жерден тандалып алынган эмес, бул жогорку окуу жайы өлкөдөгү волонтёрлук демилгелердин саны жана масштабы боюнча алдыңкы орунда турат. Мындай лидерликтин жашыруун сырын Караван-Инфого улук окутуучу, АУЦАнын TSI (Technical School of Innovation) инновациялык колледжинин эдвайзери Алина Мовшук бөлүштү.
– Биздин колледж АУЦАнын алдында иштегендиктен, окуучуларыбыздын көбү келечекте АКШнын жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына тапшырышат. Ал жакта студенттин волонтерлук ишке катышып жүргөнү абдан маанилүү. Жогорку билимди Батыштан алууга бекем максат койгон балдар өздөрүнүн ыктыярчылык долбоорлорун жакташат, Diploma Miner кошумча дипломун алышат, ал америкалык жана европалык жогорку окуу жайларына тапшырууда бир катар артыкчылыктарды берет. Бул диплом волонтёрлук саатты жетиштүү түрдө топтогон, коомдук иштерге убактысын бөлгөн окуучуга берилет.
Волонтердук ишмердүүлүк деген баарына тийиштүү, бирок аны менен каалаган адам гана дем алыш күндөрү жана сабактан тышкары убакытта алектене алат. Ошентип, Батыш өлкөлөрүнүн жана азыр биздин Кыргызстандын жаштарынын арасында активдүү жарандык позиция жана айланасында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабастык калыптанат.
– Алина, сиздердин жогорку окуу жайындагы жакында болуп өткөн акциялардын бирин мисал келтире аласызбы?
– Мисалы, 14-апрелде Бишкектин Кара-Жыгач багында көчөттөрдү отургузуу боюнча салтка айланып калган акциябызды өткөрдүк. Аны АУЦАнын Жарандык активдүүлүк борбору жылына эки жолу: апрелде жана октябрда өтүүчү «Жашыл айдын» алкагында уюштурду. Жүздөгөн ыктыярчылар катышты. Алардын арасында бир гана студенттер эмес, борбор калаадагы орто мектептин окуучулары, «Interact Club of Bishkek» эл аралык кайрымдуулук уюмундагы, «Манас» университетиндеги кесиптештерибиз ж.б.лар болду.
Биз катышып жаткан «Кара-Жыгач Экопарк» долбоору 2018-жылдан, Бишкек шаардык мэриясы, АУЦА жана Экотуризмдин Франко-Кыргыз ассоциациясы (AFKE) бактын экосистемасын калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иш аракеттер тууралуу келишимге кол койгондон бери иштеп келатат. Бул ирет биз 255 дарактын жана бадалдын көчөтүн отургуздук. Анын ичинде гибискус, бузина, лигуструм, клен, липа, платан, жапайы алма и карагай бар.
– Көчөт отургузуудан башка дагы кандай волонтёрдук иштерди жасадыңыздар?
– Биз бир гана көчөт отургузбайбыз, андан сырткары Бишкектеги коомдук жайларды таштандыдан арылтабыз. Ошондой эле локалдык иш чараларыбыз көп. Аларга АУЦАнын жана анын алдындагы колледжин волонтёрлору катышат. Мисалы, биз конокторду – абитуриенттерибизди тосуп алабыз – бул бизде Ачык эшиктер күнү же Open House деп аталат. Анын жүрүшүндө студенттер конокторго колледжеги билим алуу тажрыйбасын айтып беришет. Андан тышкары, биздин ЖОЖ орто мектептин окуучулары үчүн жайкы лагерлерди үзгүлтүксүз уюштуруп турат. Лагерь абдан ынтымактуу жана активдүү өтөт, ар кандай оюндар ойнотулуп, суроо-жооптор болот, мээни машыктыруучу жана интерактивдүү тапшырмалар берилет. Сабактан тышкаркы убакытты да балдар кызыктуу өткөрүшөт – АУЦАнын кампусунун спорт залында ар кандай спорттук оюндарды ойношуп, йога жана эртең мененки чуркоо менен алектенишет, тасмаларды көрүшөт, ар кандай темаларды талкуулашат. Ал жакта биз өспүрүмдөргө өзүн ыктыярчынын ролунда биринчи жолу сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк беребиз, мисалы, Бишкектеги ардагерлердин жана карылардын интернат-үйүнө концерт же мэриянын алдындагы Социалдык адаптация борборундагы балдар үчүн спорттук мелдеш уюштурууну сунуштайбыз.
– Буга окуучулар көңүлдөнүп макул болушабы?
– Билесизби, баары эмес. Бирок коомдук лидерлик өзөгү бар балдарды тандоо так ушинтип жүргүзүлөт. Тандоонун критерийи – энтузиазм, көздөгү учкун жана жандүйнө чакырыгына жараша аракет кылууга болгон каалоо. Мисалы, өткөн жайда АУЦАда Бишкек жана Чүй облусунан келген окуучулар үчүн акысыз жаштардын лидерлик лагери болду. Аны «Дүйнө корпусу» эл аралык уюму уюштурду. Иш чара окуучуларды кийин жашоосуна жана окуусуна колдоно алчу лидерлик жөндөмгө үйрөтүү жана социалдык активдүүлүктү сиңирүү максатында өткөрүлдү. Лагердин катышуучулары – 14 жаштан 17 жашка чейинки 12 кыз жана 8 бала биринчи медициналык жардам көрсөтүү, тайм-менеджмент, баарлашуу искусствосу жана конфликтти жайкоо боюнча баштапкы көндүмдөрдү алышты. Биздин ЖОЖ мындай иш чаралар үчүн имараттарын акысыз берди.
– Кыргызстандагы студенттик волонтёрлук кыймылдын тарыхы 30 жыл деп эсептелинет. Сиз кандай ойлойсуз, ал жакшы жагына өзгөрүп жатабы?
– Сөзсүз түрдө, жыл сайын Кыргызстандагы ыктыярчылыктын деңгээлинин жогорулоо тенденциясы байкалат. Мисалы, айрым жерлерде окуучуларга жаңы предметтер киргизилүүдө, ошол эле финансылык сабаттуулук боюнча. Ишембиликке окуучуларды тартууга аракеттенишүүдө, бирок бул процесс адат болуп калгандай, мажбурлоо аркылуу ишке ашат. Бизде мамиле такыр башка. Биздин окуучулар менен студенттер коомдук иштерге бир топ кызыкдар.
– Сиздин көз карашыңызда, сиздердин кайсы практиканы башка окуу жайларына жана билим берүү мекемелерине колдонууга болот жана кайсынысын башка жакта улантып кетүүгө болбойт?
– Менимче, башка билим берүү уюмдары – мектептер, университеттер жана колледждер кандайдыр бир ишембиликтерди уюштуруу, жок дегенде жакынкы аймактарды таштандылардан тазалоону уюштуруу менен башташса болот. Бирок бизде, совет доорунун мураскерлеринин аң сезиминде жалган стереотип сиңип калган – мындай акциялар бир гана тазалоо менен чектелет, ал шыпыргы менен чүпүрөккө гана байланышкан дегендей. Ошондуктан, менин көз карашымда, мындай иш чараларды мүмкүн болушунча креативдүү ой жүгүртүүлөрдү жана чыгармачылык мамилени колдонуп кызыктуу өткөрүүгө аракеттенүү керек. Мисалы, клумбага гүл отургузуу, билим берүү мекемесинин алдындагы бакчага көчөт отургузуу. Бирок бул белгилүү бир ресурстарды талап кылат. Ошондуктан, мындай иш чаралар каржылоо маселесин чечүү менен башталышы керек.
Студенттерди ушундай чыгармачылыкка жок дегенде жылына бир жолу тартуу максатка ылайыктуу. АУЦАда жылына эки жолу болуп турат.
– Студенттер менен мындай иштешүү, сизге, профессионал катары эмне берди?
– Биринчи кезекте, өзүмдүн жеке трансформация процессимди байкоо мага абдан кызыктуу болду. Мен 1990-жылдардын «баласымын», ал убакта мектепте ишембиликтер кандай өткөнү эсимде. Көбүнчө күн ысыкта, чаңга аралашып тазалачубуз. Ошондон уламбы, эптеп эле тазалап, ишембиликти аягына чыгарууга шашылчубуз. Же болбосо качып кетчүбүз. Мен акцияларды кызыктуу өткөрүүнү каалагандарга биринчи кезекте студенттердин реакциясына көңүл бургула деп кеңеш берет элем. Эң жакшы белги – алардын энтузиазмы жана жанып турган көздөрү. Бир нече жыл мурун клумбаларга гүл жана көчөт отургузуу боюнча волонтердук акцияларды жайылта баштаганыбызда, ар бир катышуучуну жеке кызыктырууга аракет кылдык – мисалы, ар ким өзүнүн дарагын отургузсун деген чакырык таштадык. Натыйжада, шаарды жашылдандыруу программаларынын ыктыярдуу жардамчыларынын демилгелүү топтору түзүлдү. Алар жашыл аянттарды көбөйтүү долбоорлорун чоң кубаныч менен колго алышты.
– Улуу муундун өкүлдөрү кээде азыркы жаштарды инерттүүлүккө жана социалдык пассивдүүлүккө күнөөлөшөт. Сиз, АУЦАнын студенттери менен иштеген кеңешчи катары, мындай айыптоолорго кандай комментарий бере аласыз?
– Чындыгында, студенттин кайсы социалдык чөйрөдө экени, ошондой эле кайсы уюмга катышары абдан маанилүү. Дээрлик бардыгы ушул факторлордон көз каранды. Биздин университетте студенттерге биринчи кезекте милдет сезимин сиңирүүгө аракет кылабыз. Биз муну биринчи курстан эмес, колледждеги даярдоо сабактарынан баштайбыз. Биздин иш-чараларга ЖОЖдордун студенттери гана эмес, мектеп окуучулары да катышат. Өз тажрыйбама таянып айтсам, волонтёрдук иш – бул анын катышуучусу айланасында көптөгөн көйгөйлөр бар экенине жана аларды эгерде ал колго албаса, башка эч ким көңүл бурбай турганына ынанганда жаралат. Бул активдүү жарандык позицияны пайда кылат. Жаштардын мындай позициясы жашообузда көп нерсени жакшы жакка өзгөртө алабыз деген түшүнүктөн башталат – болгону абдан катуу каалоо керек.
Маектешкен Андрей Токомбаев
