Ирина Чернявская: Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан барган үй-бүлөлөр Мальдив аралдарында кантип эс алышат
Мальдив аралдары барган сайын КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан да бар, барган туристтердин үй-бүлөлүк эс алуусу үчүн популярдуу багыт болууда. Resort Life компаниясынын брондоо жана маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Ирина Чернявскаянын айтымында, арал жаш балдары менен барган чоң үй-бүлөлөргө коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берет, ошол эле убакта жаш жубайлар үчүн романтикалык эс алуу мүмкүнчүлүгүн да сактайт. Туристтер бюджеттик жана люкс отелдерди тандап, инновациялык сервистерди жана онлайн-брондоону пайдаланышат, ошондой эле виртуалдык реалдуулук аркылуу курорттор менен алдын ала тааныша алышат.
– Сиз кыргызстандык жана өзбекстандык туристтерге эмнени сунуштай аласыз?
– Бүгүн биз Resort Holiday иш-чарасында Мальдив аралдарынын туризм кеңсесинин атынан катышып жатабыз. Жалпысынан айтканда, КМШ өлкөлөрү Мальдив аралдары үчүн башкы рынок жана ал жактагы алуу ар кандай категориядагы туристтерге ылайыктуу, жайбаракат жана пляждык эс алуу болуп саналат.
Жыл өткөн сайын кардарлардын портрети абдан катуу өзгөрүүгө дуушар болгонун көрүп жатабыз, үй-бүлөсү менен эс алгандар көп. Айрыкча, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн 5, 6, 7 жана андан көп адамдан турган чоң үй-бүлөлөр барышат. Ошондуктан Мальдив жуптар үчүн романтикалык эс алуучу жай болуудан калууда, бул азыр үй-бүлөлүк эс алуу, анткени, ал үчүн мүмкүн болуучу бардык ресурстар бар.
Мейманканалар барган сайын көбөйүп, балдар клубдары активдүү боло баштады, бул жер пляждардын, үй-бүлөлөр балдары эч жакка качып кетпейт, эч жакка жоголуп кетпейт деп тынчсызданбаган коопсуздуктун эсебинен активдүү жарнамаланууда, мында баары абдан анык, купуя жана ыңгайлуу, деңизге жантайыңкы кире бериш бар, эч ким бирөө бутун жарадар кылып алат же дагы башка нерсе болот деп тынчсызданбайт, ушул жагынан алганда Мальдив аралдары балдары бар үй-бүлөлөр үчүн абдан коопсуз жана ошол эле учурда ыңгайлуу эс алуу болуп саналат. Менин оюмча, так ушул нерселер балалуулардын келишин көбөйтүүдө, бирок ошол эле учурда жаш жубайларды да таң калтыра турган нерселер көп.
Мисалы, бизде келишимде үйлөнүү үлпөтүн жакында өткөргөн, жакында болгондо бул 12 ай, туристтерге нике тууралуу күбөлүктүн сертификаты берилет, коноктор үчүн ылайыктуу болгон бир катар комплименттер жасалат: керебеттерди кооздоо, кандайдыр бир өзгөчө кечки тамак жана мейманканадан кошумча комплимент ж.б. болот деп дайыма жазылат. Башкача айтканда, ошол учур жаш жубайлардын эсинде өзгөчө болуп сакталып калышы үчүн бардык мүмкүн болгон нерселер жасалат.
– Баа саясаты тууралуу да айтып берсеңиз?
– Жалпысынан мен бул бюджеттиктен баштап жогорку деңгээлге чейин дей алам. Тагыраагы, биздин мекендештерди жана КМШ рыногунан көп адамдарды кабыл алган бюджеттик мейманканалар дагы тейлөөгө, ыңгайлуулукка болушунча көңүл бурушат. Албетте, люкс деңгээлиндеги мейманканаларда бул нерсе бир топ мыкты болот. А бюджеттик мейманкаларда бир аз ылдыйырак, бирок алар дагы жандүйнөсү менен аракеттенишет.
Мальдив эмнеси менен мага жагат дегенде, биринчиден, алар өзгөрүүнү билишет, экинчиден, жасалмалуулук жок чыныгы бойдон калышты. Башкача айтканда, алар конокторду тартуу үчүн жакшы болуп жатышкан жок, бул алардын дээри, табияты. Баары чыныгы. Башында каардуу жетекчи туруп, баарын кууруп, жекирип жатканы үчүн эмес, чынында эле ошондой болгондуктары үчүн...
Мальдивге барып калсаңыз, алардын үйлөрүнө да барып көрсөңүз. Чыныгы мальдивдик меймандостукка күбө болосуз.
– Бул өлкөгө кызыгып калган адамдар кайда кайрылышы керек, сиздердин дарегиңиздер кандай, кайда барып, кимге чалып, кимге жазыш керек?
– Адатта, кардарлар өзүнүн турагентине кайрылышат, турагенттер өзүнүн бул же тиги долбоорлордо чогуу иштешкен туроператоруна байланышат.
– Сиздерде конкреттүү өнөктөштөр барбы?
– Ооба, албетте, бирок аны атасам туура эмес болуп калат го, анткени, мында бир туроператор. Биз конкреттүү бир туроператордун иш-чарасындабыз, болбосо, албетте, КМШ рыногунда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга жана башка көптөгөн өлкөлөргө лидерлик кылган алдыңкы туроператорлор бар. Алар ири туроператорлор жана биз албетте, алар менен иштешебиз. Биз туристтерибизди Мальдивден тосуп алган кабыл алуучу компания болуп саналабыз.
– MANTA FORUM-2025 жөнүндө айтып берсеңиз.
– Москвада Resort Holiday туроператору тарабынан уюштурулган MANTA FORUM-2025 болуп өттү. Бул эл аралык ири иш-чара 800дөн ашуун туристтик агенттиктерди жана Мальдив, Сейшел, Маврикия, Шри-Ланка, Таиланд, Оман, БАЭ, Түркия жана Египеттеги 110 мейманканалардын өкүлдөрүнүн чогултту.
Форум үч негизги зонаны камтыды:
• THE MARKET – 110дон ашык өнөктөштүн катышуусундагы көргөзмө жана воркшоптор;
• LECTORIUM – мейманканалар жана багыттар жөнүндө маркетингдик презентациялар;
• MEDIA ROOM – пресс-конференциялар жана тармактык ЖМК менен туризмдин актуалдуу темаларын талкуулоо.
Катышуучулар Азиянын экзотикалык курортторун, экотуризмди, маданий жана тарыхый маршруттарды, үй-бүлөлүк жана романтикалык эс алууну, ошондой эле багыттарды жана мейманканаларды илгерилетүүнүн сырларын, онлайн жана оффлайн иштөөнү, туризмде жасалма интеллектти жана жаңы технологияларды колдонууну талкуулашты.
Инновацияларга, анын ичинде курорт менен алдын ала таанышуу үчүн виртуалдык реалдуулук мүмкүнчүлүгүнө жана онлайн брондоого өзгөчө көңүл бурулду, бул туристтерге учакка отурганга чейин эле эс алууну пландаштырууга мүмкүндүк берет.
