Таалайбек Акылбеков: Учак – транспорттун эң коопсуз түрү
Күндүн чыгышы менен батышын асмандан тосуп алуудан өткөн романтикалык эмне болушу мүмкүн? Адамдар көбүнчө учкуч кесибин романтикага айлантат: балдар учактын штурвалын кармап, булуттарды кесип өтүүнү кыялданышат, ал эми кыздар популярдуу ырда айтылгандай учкуч күйөөнү кыялданышат. Бирок чындыгында учкуч болуу оңой эмес. Кыргызстанда бул кесип канчалык кадыр-барктуу, кандай коркунучтарга ээ жана дегеле жаштардын “асманды багындыруучу” болуп иштөөнү кыялдануусу туурабы – Куралдуу күчтөрдүн командири Таалайбек Акылбеков “Караван-Инфого” берген маеги ушул тууралуу болду.
– Таалайбек Самаркулович, айтсаңыз, эмне үчүн учкучтук кесипти тандадыңыз?
– Бул кесипти тандоомдун себеби жөнөкөй: анткени ал жогорку маяналуу жана престиждүү.
– Канчалык деңгээлде жогорку маяналуу?
– Бул эми кандай учкуч экениңе жана кандай компанияда иштээриңе жараша. Бирок жалпысынан айлык жакшы.
– Канча саат учтуңуз?
– Беш миң саат.
– Бул аз эмес! Азыр сиз эмнеде учуп жатасыз?
– Алган билимим боюнча аскердик учкучмун, истребителдик учактарды башкардым. Андан кийин тик учакты башкарууну үйрөндүм, бүгүнкү күндө анда учуп жатам.
– Билимди кайдан алдыңыз? Биринчи учкан күнүңүз эсиңиздеби?
– Мен Россиянын Волгоград шаарында окугам. Азыр ал окуу жайы жабылып калган. Студент кезимде биринчи жолу Л-29 машыгуу учагында учкам. Биринчи таасир дагы эле эсимде: учак абдан ойноок экен – башкаруу таякчасындагы азыраак эле туура эмес кыймылга реакция жасайт. Мындан улам чайкала берип, ооруп калганым эсимде. Бирок кийин көнүп, өз алдымча учкам. А бул айтып бергис сезимдер менен коштолгон!
– Учаар алдында коркунуч болобу?
– Коркунуч жок, болбосо кантип учмак элем.
– Сиз качандыр бир өзгөчө кырдаалга туш болдуңуз беле? Кайсы учуу эсиңизде көбүрөөк сакталып калды?
– Менин практикамда айырмаланып турган өзгөчө кырдаалдар кездешкен жок, алдыбызга адаттан тыш тапшырмалар коюлган учурлар болгон.
– Кандай адаттан тыш тапшырмалар?
– Командабыз менен тоолордун үстүнөн учуп баратканыбызда начар аба ырайына туш болгонбуз, ошондо жер менен кагылышып калбоо үчүн чыгуу жолдорун издегенбиз.
– Учак – транспорттун эң коопсуз түрү деп айтылат экен...
– Чындыгында, учак – эң коопсуз, статистика ушундай. Бирок персоналдарга жана техникага катаал көзөмөл керек.
– Кыргызстанда бул кесип анчалык популярдуу эмес, эмнеге?
– Менимче, Союз маалында бул кесип популярдуу болгон эмес, ал убакта учкучтарды даярдоочу окуу жайларына тапшыргандардын катары абдан аз болчу. А азыр тескерисинче, бул жаатта билим алгандар абдан көп.
– Сизге учкуч кесибиндеги эмне көбүрөөк жагат жана эмне жакпайт?
– Мен кесибимди сүйөм, башкысы, дайыма жумуш болуп турсун. Бирок бизде стабилдүү компаниялар аз, бул айрым кыйынчылыктарды жаратат.
– Сиз ар кайсы өлкөлөрдө учкуч болуп иштегенсиз. Жумушка талап боюнча айырмачылыктар барбы? Экипировка башкачабы?
– Мында иштин түрүнө жараша болот. Биринчиден, сен компаниянын талаптарын аткарасың. Экипировка боюнча, аны компания берет, мисалы, суу үстүндө учуп баратканда кайык жана жилет ж.б.у.с. болушу керек.
– Маегибиздин соңунда сиз жаштарды ушул кесиптин ээси болууга үндөйт белеңиз?
– Албетте, анткени бизде учкучтар жана техниктер, ошондой эле башка адистер жетишпейт. Өнөр жай өнүгүп жатат, көптөгөн жаңы ишканалар ачылууда. Мындан тышкары, жакшы компаниянын айлыгы абдан жакшы. Тажрыйба топтоп, англис тилин үйрөнгөндөн кийин чет өлкөдөн жумуш тапса болот. Бирок жарандык авиацияда окуу кымбат экенин белгилей кетүү керек, андыктан алгач аскердик авиацияга барууга кеңеш берет элем.
– Кызыктуу маек жана пайдалуу кеңеш үчүн рахмат. Сизге учуунун саны конуунун саны менен бирдей болушун каалайбыз!
– Чоң рахмат.
