Тилек Джеембаев: Мамлекеттик ипотека бир топ жеткиликтүү болуп калды
Жарандарды турак жай менен камсыз кылууну Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин приоритеттүү милдеттеринин бири деп эсептейт. Ошондуктан Кыргызстан боюнча ипотекалык турак жайлын курулушу активдүү жүрүп жатат.
«Бүгүн «Менин үйүм» программасынын алкагындагы мамлекеттик турак жай саясатынын кезектеги жыйынтыгы катары Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 612 батирлүү заманбап турак жай комплексинин алдында турабыз», – деди президент Бишкектеги турак жай комплексинин ачылыш аземинде.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев Караван-Инфого мамипотеканын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
– Адамдын бутуна бекем турганын башкы белгилеринин бири менчик турак жайы бардыгы эмеспи. Ипотекалык насыяларга суроо-талап көп бекен?
– Турак жай – бул адамдын биринчи муктаждыктарынын бири, мамлекеттик турак жай программасы ишке киргизилгенден бери КР президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлдү. Анын аркасында ушундай ийгиликтерге жетишип жатабыз. Эгерде жалпы сандарды карай турган болсок, Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери бүгүнкү күнгө чейин 10 миңден ашуун үй-бүлө турак жай сатып алды. Алардын жарымы биздин өнөктөш банктар аркылуу салттуу кредиттөө жолу менен алынган жана 2023-жылдан баштап республиканын Президентинин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания өздүк фондун түзүүгө басым жасады. Буга бир катар факторлор себеп болду.
Атайын аскер операциясы башталгандан бери бизге союздаш өлкөдөн биз тарапка эмгек миграциясынын агымы кескин көбөйдү, бул кыймылсыз мүлк рыногун абдан кайнатты, турак жайдын баасы өстү. Биз бөлүнүп жаткан каражаттын көлөмүн көзөмөлдөөнү баштап, анан өзүбүздүн турак жайыбызды куруу чечими кабыл алынды. Турак жай жарандарга социалдык баада берилет. Жаңы программанын киргизилиши менен шарттар кыйла жеңилдетилип, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды, пайыздык чендер төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн жылына 4%, ал эми жеке сектордо иштегендер үчүн – 8%, бул инфляциянын деңгээлинен да төмөн. Жада калса өнөктөш мамлекеттерде да мындай пайыздык чендер жок.
– Шарттар бир топ ийкемдүү болдубу?
– Сөзсүз түрдө. Биз келип түшкөн арыздар көбөйгөнүн байкап жаттык. Мамлекеттик ипотека ал турмак жаш адистер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бир топ жеткиликтүү боло баштады, аны менен катар ишеним да өскөнү байкалууда.
– 612 батирдин ачкычы турак жайды каржылоонун кайсы багыттары боюнча тапшырылды?
– Бизде төрт багыт бар – бюджеттик тармакта жана мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген жарандар үчүн жеңилдетилген ипотека жылдык 4 пайыз менен 25 жылга баштапкы төлөмсүз, жеткиликтүү ипотека – жеке тармактарда иштеген жарандарга баштапкы төлөмсүз жылдык 8 пайыз менен, бул дагы абдан жакшы шарт. Андан башка социалдык ипотека да бар, ал социалдык аялуу катмардагы калк үчүн – 4 пайыз менен баштапкы төлөмсүз. Бул категорияга 5тен көп баласы бар көп балалуу үй-бүлөлөр, баатыр энелер, жалгыз бой ата-энелер, майыптыгы бар жарандар кирет.
Төртүнчү жаңы багытты 2024-жылдан тартып ишке киргиздик. Президенттин жарлыгы менен 2024-жылдын 30-январынан баштап үлүштүк курулушту өнүктүрө баштадык, бул категорияга формалдуу эмес иштеген, кирешеси бар, бирок аны тастыктай албаган жарандар, ошондой эле эмгек миграциясында жүргөн мекендештерибиз кирет. Шарттары мындай – турак жайдын наркынын 50 пайызын баштапкы төлөм катары төлөгөн учурда, алар курулуп жаткан үйлөрдөн батир тандай алышат, алар үчүн 50 пайыз квота бөлүнөт. Ачкычты колдоруна алгандан кийин келишим түзүлөт, бирок аларга берилчү мөөнөт аз – 15 жылга, пайыздык ставка 8 пайыз жана турак жайлын наркы да жогору, рыноктук баага бир топ жакын болот.
