Билимбек Сагынбаев: Караколдо жумушка орношуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
«Социалдык контракт» долбоору ишке киргенине 3 жылдай убакыт болуп калды. Бул мезгил ичинде долбоордун катышуучулары кандай жыйынтыктарга жетишти? Жөлөкпул алуучулардын саны кыскардыбы, жумуш орундарын түзгөндөр көбөйдүбү, же тескерисинче болдубу? Ушул жана башка маселелер боюнча Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Билимбек Сагынбаев жооп берди.
– Сырткы миграциядан кайткан жарандарды жумуш менен камсыз кылуу жаатында кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
– Россия Федерациясында 2024-жылы миграцияга байланыштуу жаңы токтом кабыл алынды. Бул эксперименттик негизде эки этапта ишке ашырылууда. Биринчи этап 2024-жылдын 1-декабрынан 2025-жылдын 30-июлуна чейин созулат. Мигранттар биометрикалык каттоодон өтүп, 10 күндүн ичинде документтерин такташ керек. Экинчи этапта мигранттар 72 сааттын ичинде электрондук каттоодон өтүп, мобилдик тиркеме аркылуу арыз жазуусу. Бул өзгөртүүлөр жарандарга документтерди оңой топтоо үчүн шарт түзүү максатын көздөп жасалууда. Бирок жаңы эрежелерге туура келбегендер мекендерине кайтууга аргасыз болууда. Караколдун тургундары да кайтып келишүүдө.
Биз жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуп, бош орундарды көбүрөөк сунуштап жатабыз. Курулуш тармагында Россиядагыдай эле эмгек акы менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле тамак-аш, медицина, билим берүү тармактарында да бош жумуш орундары пайда болду. Биз жарандарга маалымат берип, кеп-кеңештерди берип жатабыз. Жумушка орноштуруу боюнча Телеграм, Ватсап группалары, Инстаграм жана Фейсбук баракчалары аркылуу актуалдуу бош орундар жөнүндө маалыматтарды таратып турууга аракет кылып жатабыз.
– Жумуш менен камсыз кылуу жаатында 3-6 айлык кесиптик билим берүү жайлары тууралуу айтып берсеңиздер? Караколдо бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
– Каракол шаарында кесиптик билим берүү боюнча акыркы жылдары көп иштер жасалып келатат. 9-классты аяктап жаткан окуучуларга жана кайрылган жарандарга кесип тандоо боюнча багыт берүү иштери уюштурулган. Окуучуларга мобилдик паркурлар аркылуу өздөрүнүн күчтүү жактарын аныктоого жардам берилет. Мектептерге барып, кесип тандоо боюнча кеңеш беребиз. Караколдо кесипке багыт берүү борбору ачылып, жекече кеңеш берүү, маалымат алуу жана тайпалык иш-чаралар уюштурулган. Аталган борбордо кесип тандоо боюнча каалоочулар өздөрүнүн жөндөмдөрүн текшерип, кайсы кесипке ылайыктуу экенин билишет.
– Сиздер дагы бир долбоорду – «Жаштар такшалмасы» (молодежная стажировка ) долбоорун ишке ашырып жатасыздар. Ушул боюнча да айтып берсеңиз
– «Жаштар такшалмасы» долбоору Караколдо пилоттук долбоор катары ишке кирди. Министрлик тарабынан шаарыбызга 60 квота бөлүнүп берилди. Бул долбоор 16-35 жашка чейинки жарандарга, диплом алган жаш адистерге арналган. Тажрыйбасы жок адистер көп учурда жумушка алынбайт. Биз аларга 3-6 айлык стажировка сунуштайбыз. Бул долбоордун алкагында катышуучуларга ай сайын 8600 сомдон стипендия төлөнүп, алар өз кесибине ылайык мекемелерде практика өтүшөт. Практика учурунда өздөрүн көрсөтүп, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Бүгүнкү күнгө бул долбоордун алкагында 30 жаран жөнөтүлүп тайжырба топтоодо.
– Ал эми «Социалдык контракт» долбоору кандай жыйынтыктарын берип жатат?
– Бул долбоордун катышуучулары – мурда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алып келгендер. Биринчи “Үй-бүлөгө жөлөк” кандай шартта жана кимдерге берилээрин айта кетейин. Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган жобосу бар. Үй-бүлөлүк кирешеси адам башына миң сомдон ашпаган үй-бүлөлөр ала алышат. Мисалы, төрт балалуу, ата-энесин кошкондо алты адамдан турган үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси алты миң сомдон ашпашы керек. Ал эми жөлөкпулдун суммасы – ар бир балага 1200 сом.
Ал эми «Социалдык контракт» ошол жөлөкпулду албай, өз алдынча иш баштап, жакырчылыктап чыгууга жакшы шарт түзүп берүүдө. Азыркы учурга карата Каракол шаарында 2 жылдын ичинде Социалдык контракт түзүп, ишин алып барып жаткан 177 үй-бүлө каттоодо турат жана толук кандуу пайда таап иштеп жатат. Кейиштүүсү 2022-жылы Социалдык контракт түзгөн бир жаран каза болуп, келишим жокко чыгарылган.
Кошумчалай кетсем, долбоордун негизинде берилген каражатка автоунаа сатып алып Яндексте иштеп, такси кызматын көрсөтүп аткан жарандар бар, алар эки баласына тийчү 2400 сомду карап отурбай, жайкы сезондо айына 50-60 миң сомдон, ал эми азыркы учурда 35-40 миң сом таап калышты. Андан сырткары үй тазалоо боюнча иш алып баргандар. Алар Ватсап группаларынын негизинде тапшырык алып, мейманканаларды, үйлөрдү тазалап, айына 30-40 миң кирешеге чыгышты. Долбоордон алган акчага үй тазалоого керектүү жабдыктарды сатып алышкан. Каракол шаары айылдарга жакын жайгашып, мал багууга шарты болгондуктан мал менен алектенгендер көпчүлүгүн түзөт. 2022-жылы соцконтрактка кошулгандар учурда 4-5 уйлуу болуп калышты. Былтыр кой, коозу сатып алгандар болду.
Биздин кызматкерлер долбоордун катышуучуларына мониторинг жасап турушат, алгач ар ай сайын, андан соң кварталда бир, 2-3 жылы жарым жылда бир жолу. Негизи графике ылайык мониторинг жүргүзүлүү керектигине карбай социалдык контрактын катышуучуларына вотсап группалары түзүлгөн жана алар менен ар дайым байланышта болуп киреше таап атышабы же жокпу, малдарын сатып жиберишкен жокпу, эмне жетишкендиктер, кыйынчылыктар, көйгөйлөрү бар деп ар дайым коштоо жүргүзүлүп келет, ошондон улам так айта алам: иш солгундаган жок, алдыга жылууда.
