Орунтаев: 100 күндүк реформанын жыйынтыгы – курулуш иштериндеги экспертиза оңойлоштурулду, лицензияны сатуу токтоду, көзөмөл күчтөтүлдү
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылдын март айында курулуш ыргагын басаңдаткан тоскоолдуктарды жоюу, бюрократиядан арылуу боюнча 100 күндүк реформаны ишке киргизген. Андан бери 100 күнгө жакын убакыт өттү, курулуш тармагында бюрократиядан арылуу мүмкүн болдубу? Бул боюнча курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Биринчи радионун эфиринде айтып берди.
«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш иштери активдүү жүрүүдө. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасына ылайык, жылдын аягына чейин 200 социалдык объектилер бүткөрүлөр турган болсо, анын 100ү Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө, 31-августка чейин даяр болот. Акча каражаты толук чечилген, Финансы министрлиги тарабынан 8 миллиард сомдон ашуун сумма бөлүндү. Былтыр 6 миллиард сом бөлүнгөн, быйыл 2 миллиард сомго көп.
Өндүрүш тармагында да 128 өнөр жай объектилерин ушул жыл ичинде бүткөрүүнү МинКаб төрагасы тапшырган. Чекесинен бүткөрүлүп жатат, эгемендүүлүк күнүнө карата канчасы даяр болоорун айта албайбыз, бирок жылдын аягына чейин баары ишке берилет», – деди Орунтаев.
Айтымында, 100 күндүк реформа өзүнүн жемишин берди. Анын шарапаты менен буга чейин курулушчуларды кыйнап келген бир топ маселелер жөнгө салынды.
«Бюрократияга эң баткан бул экспертиза органдары болчу. Корутунду алуу үчүн кеминде 3 айдан 6 айга чейин күтүүгө туура келчү. Азыр андай жок, толук реформаладык, азыр 15 күндөн бир айга чейин убакытта корутундуну алып кетүүгө болот.
Ошондой эле классификация киргизип жатабыз: 3 кабатка чейинки жеңил объектилерге экспертизанын корутундусу жоюлду.
1000 чарчы метрден өйдө, 9-кабатка чейинки объектилерге экспертиза оңойлоштурулду.
9-этаждан өйдө объектилерге белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүлөт, бирок мөөнөтү кыскарды», – деди Орунтаев.
Ал белгилегендей, экологиялык экспертизанын да мөөнөтү кыскарды: мурда 90 күн болсо, азыр 1 ай. Архитектура органдарында да реформа жүрүп, бир топ кагаз иштери жөнөкөйлөштүрүлдү.
«Мурда документтерди берүүдө архитектура органдарында көп нерсе татаалдашкан болчу. Көптөгөн справка, иш кагаздары талап кылынса, азыр кыскартууга бардык. Ошондой эле, лицензия жаатында да реформа жүрүп, мурда коррупциялык элементтер коштосо, азыр анын жок кылынды. Анын жыйынтыгы – 2023-жылы мамлекеттик төлөмдөр боюнча 455 миң сом түшсө, 2024-жылдын август айынан декабрь айына чейинки убакытта 80 миллион, ал эми ушул жылдын 5,5 жарым айында 110 миллион сом түштү. Мунун баары лицензияни жең ичинен сатуу токтогонун билдирет», – деди министр.
Ошондой эле Орунтаевдин айтымында, аталган министрлик курулуш объектилеринин иш сапатына көзөмөлдү күчөттү.
«Мурда курулуштагы коопсуздук маселесине жетиштүү көңүл бурулчу эмес, азыр көзөмөл күчөтүлдү. 2024-жылы курулуш компанияларына салынган айыппулдар жалпы 120 миллион сомго жетсе, 2023-жылы 40 миллион сомдук айыппул салынган болчу. 2025-жылдын башынан бери 60 миллион сомго айыппул салынды.
Курулуш нормаларын сактабагандыктан жана жасаган иштеринин сапаты стандартка жооп бербегендиктен лицензиясынан ажыраган компаниялар да болууда. Мисалы, өткөн жылы 500 курулуш компаниялардын лицензиясы токтотулган. Бул жылы 300 лицензия токтотулду», – деп кошумчалары Нурдан Орунтаев.
