Эксперт: Кышкы туризмди өнүктүрүүдө башкы маселе – мөңгүлөрдү сактап калуу
24 декабрь

Эксперт: Кышкы туризмди өнүктүрүүдө башкы маселе – мөңгүлөрдү сактап калуу

Кыргызстандагы кышкы туризм жана дегеле жалпы туризмдин учурдагы абалы кандай жана аны  жаратылышка зыянын тийгизбей өнүктүрүү үчүн эмнелерди жасоо керек? Бул боюнча эксперт Элдар Шабданов айтып берди.

– Биздин кышкы туризмдин потенциалы жакшы, бирок бир гана кышкы эмес, жалпы туризм дагы потенциалын толук ача элек. Жалпылап айта турган болсок, жылдан жылга өсүп баратат. Статистикага таянсак, 2022-жылы Кыргызстанга 1 миллион 970 миң турист келген болсо, 2023-жылы 2 миллион 864 миң туристти тосуп алдык. Киреше – 2022-жылы 696 миллион долларды түзсө, 2023-жылы 806 миллион долларга жеткен, ал эми 2024-жылдын жылдык жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, январдан сентябрга чейинки эле көрсөткүчтү алсак, ал 2023-жылдагы көрсөткүчтөн ашып кетти. Буга туризм жаатындагы көптөгөн долбоорлордун, иш аракеттердин жемиши таасирин берүүдө. Жыл сайын 15-20 пайыздын тегерегинде өсүү орун алып жатат, – деди ал. 

Айтымында, кышкы туризм дегенде тоо лыжасы элестейт. Бул боюнча да акырындык менен алдыга жылуу байкалууда. Мисалы, ошол эле “Кыргыз Куршевель” ири долбоору, ал толугу менен ишке ашуусуна дагы 5-6 жыл керектелет. Анткен менен анын алкагында, Караколдо абамайдан ишке кирди, дагы да аткарылчу иштер көп. Алар ишке ашырылбаса, азыркы инфраструктура менен кышкы туризмди өнүктүрүп жиберүү мүмкүн эмес. Ошондой эле, “Кыргыз Куршевель” жалгыз болбошу керек, дагы да ошондой долбоорлорду жүзөгө ашыруу маанилүү. 

– Туризм боюнча ар бир багыттын өзүнүн сезону бар. Бизде туристтик сезон кыска болуп жатат. Мисалы, экотуризм майдан тартып сентябрга чейин, алты-жети ай болот. Анын узундугу жакшы эле. Ал көбүнчө өлкөнүн түндүк тарабында: Бишкек-Кемин-Нарын-Соң-Көл-Ысык-Көл-Каракол каттамында жакшы өнүккөн. Каракол шаарында так ушул экотуризмдин шарапаты менен көптөгөн мейманканалар ачылды. 

Ал эми Ысык-Көлдүн өзүн алсак, сезон толук кандуу эки ай гана иштейт. Бул убакыт аралыгында туристтер абдан көп барган чакта деле, көлүбүз потенциалынын 20 пайызын гана иштетүүдө. Кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдү өзүнчө кластер катары көрүп, аны өнүктүрсөк деген сунушум бар. Мисалы, күзүндө көптөгөң спорттук, медициналык иш чараларды жасасак болот. Дүйнө жүзүндөгү спортчулар келип машыга турган жерге айлантканга эмнеге болбосун. 

Андан сырткары көлдүн тегерегинде ысык суу чыккан жерлер абдан көп. Бир маселе – көп булактардын тереңдиги 2 км болуп, бул суунун чыгуусун кыйындатат экен. Аны казганга керектүү техника жок. Мамлекет ошондой техникаларды бир-эки жылга ижарага алып келип, казып таштаса, кышында да көлдүн касиетине кайрылгандардын катары көбөйөт. 
Ошондой эле эксперт туризм жылдын төрт мезгилинде тең өнүксө экология бузулат деген кооптонуулар жөнсүз экенин белгиледи: 

– Жайында ансыз деле келишип көлдү булгап жатышат, эми төрт мезгил иштесе, экология ансайын начарлайт деп кооптонуу туура эмес. Бул жергиликтүү башкаруудан көз каранды. Таштанды чакаларды коюп, тартипти көзөмөлдөөчү адамдарды дайындаса, керектүү шарттар түзүлсө эле, жаратылыш булганбайт. Жайы-кышы иштеген курорттор эч булганбай эле иштеп жатпайбы, андан коркпош керек. Азыр эң негизги максат – экономиканы көтөрүү, жергиликтүү туризм жаатында иштеген адамдардын кирешесин жогорулатуу. 

Туризмди экономика маселеси катары да карап, ошол эле маалда экологияны кошо ала кетиш керек. Азыр заманбап сонун инструменттер бар, анын баарын колдонсок жаратылышка эч кандай зыян келтирилбейт, тескерисинче, жоголуп бараткан чөптөрдү өстүрүп, жоголуп бараткан жаныбарлардын популяциясын көбөйтсө болот. Канализацияларды, жолдорду оңдогонго ишкерлер өздөрү кызыкдар болуп калат. Бул көп жагынан элге да, мамлекетке да пайдалуу. 

Элдар Шабдан белгилегендей, андан сырткары кышкы туризмди өнүктүрүүдө климаттын өзгөрүшүн да эске алуу маанилүү: 

– Дүйнөлүк экология, климат кайда баратат, аны карашыбыз керек. Жылдан жылга мөңгүлөр ээрип жатат, аны сактап калууга бүт күч-аракетти жумшоо зарыл. Мөңгүлөрдү сактап калуунун дагы бир нече жолдору бар, бири – миллиарддаган бак-дарактарды отургузуу. Тоо кыркаларына бак-дарактар отургузулса, алар аба табын 10 градуска ылдыйлатат жана абаны тазартат экен. А мөңгү аба табынын көтөрүлүшүнөн жана зыяндуу заттардын, ошол эле ыштын асманга көтөрүлүүсүнөн улам ээрип жатпайбы. Эгерде бул иш аракеттерди тезирээк баштабасак, алдыдагы 50 жылга жетпеген убакыттын ичинде мөңгүлөрдүн 90 пайызы ээрип кетет деген экологдордун  прогнозу бар. Мөңгү биринчи маселе, аны менен катар туризмди өнүктүрүү иштерин жүргүзө берүү керек.