Ырчы Эллада Асылбекова: «Комуз кармаган сайын кыргыз экенимди терең сезем»
Кыргыз музыка дүйнөсүндө эстрада менен салттуу ырчылыкты айкалыштырып келе жаткан таланттуу ырчылардын бири – Эллада Асылбекова. Ал комуз менен ырдап, элдик музыкалык мурастарга кызыгып, ошол эле учурда заманбап эстрадада да өз ордун тапкан. Бир нече жыл чет өлкөдө жашап, кыргыз диаспорасынын балдарына комуз жана кыргыз тилин үйрөтүп келген ырчы учурда Ош облустук филармониясында солист болуп эмгектенет.
Биз ырчы менен чыгармачылык жолу, чет өлкөдөгү тажрыйбасы жана салттуу музыка тууралуу маектештик.
– Эллада айым, чыгармачылыкка болгон кызыгууңуз качан башталган?
– Музыка менин жашоомо эрте кирген. Кичинекей кезимден эле ырдап жүрчүмүн. Үйдө, мектепте, ар кандай иш-чараларда ырдап жүрүп, сахнанын атмосферасына көнүп калдым. Кийин бул ыр, музыка жөн гана хоббим эмес, менин тагдырым экенин түшүндүм. Музыка аркылуу адамдын жан дүйнөсүн чагылдырууга болот.
– Сизди эстрада ырчысы катары тааныгандар көп. Бирок комуз менен ырдаганыңыз да өзгөчө таасир калтырат.
– Ооба, эстрада – менин чыгармачылыгымдын бир багыты. Бирок комуз мен үчүн өзгөчө дүйнө. Комузду колума алганда, кыргыздын тарыхын, үнүн, мүнөзүн сезгендей болом. Кээде комуз менен ырдаганда текст да, обон да таптакыр башкача ачылат.
– Акыркы жылдары дастанчылыкка кызыгып жатканыңыз айтылып жүрөт. Бул кызыгуу кайдан пайда болду?
– Дастан – кыргыз маданиятынын өтө чоң катмары. Аны жөн гана ыр деп айтууга болбойт, ал бүтүндөй тарых, философия. Акыркы жылдары ошол дүйнөгө көбүрөөк кызыга баштадым. Дастан айтууда үн гана эмес, образ, ой, ички сезим абдан маанилүү экенин байкадым. Бул мен үчүн жаңы мектеп болуп жатат.
– Бир нече жыл АКШда жашап, кыргыз мигранттарынын балдарына сабак берип келгениңиз белгилүү. Бул сапар кандай таасир калтырды?
– Мен Филадельфия шаарында бир топ мезгилдер жашадым. Ал жактагы кыргыз мигранттарынын балдарына кыргыз тилин жана комуз чертүүнү үйрөттүм. Чет жерде жүргөндө улуттук маданияттын баалуулугун башкача сезесиң. Балдардын комуз үйрөнүп, кыргызча сүйлөп жатканы мага чоң кубаныч тартуулады.
– Чет жерде жашоо чыгармачылыгыңызга таасир бердиби?
– Албетте. Чет өлкөдө жүргөндө мекендин топурак-суусу, эли- журтуң, маданиятың, тилиңдин абдан баалуу экенин сезесиң. Кээде комуздун үнүн укканда эле жүрөгүң толкуп кетет. Ошол сезимдер кийин ырларда да чагылат.
– 2024-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келдиңиз. Азыркы чыгармачылык пландарыңыз кандай?
– Азыр Ош филармониясында солистка болуп иштеп жатам. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Эстрада багытында да, салттуу музыка багытында да чыгармаларды даярдап жатам. Музыкада бир багыт менен эле чектелбей, ар түрдүү формада изденгим келет.
– Репертуарыңызда элге белгилүү болгон бир катар чыгармалар бар. Акыркы иштериңиз тууралуу айтып берсеңиз.
– Акыркы убакта бир нече жаңы ырлар чыкты. Алардын арасында «Жашоо бир келет», «Жайлоо», «Аман жар» сыяктуу чыгармалар бар. Бул ырлар «Үмүт» аттуу альбомго кирген. Бул ырларда турмуш, сүйүү, адамдын ички дүйнөсү тууралуу темалар камтылган.
– Сиз үчүн музыка деген эмне?
– Музыка – бул адамдын жан дүйнөсүнүн тили. Кээде сөз менен жеткире албаган сезимди обон айтып берет. Мен үчүн ыр – бул жөн гана аткаруу эмес, ички дүйнөнү бөлүшүү.
– Жаш музыканттарга эмне деген кеңеш берет элеңиз?
– Эң башкысы – өзүңдүн тамырыңды унутпоо. Заманбап музыка менен алектенсең да, улуттук музыкадан алыстабоо керек. Анткени ошол тамыр сенин үнүңө өзгөчө боёк берет.
Эллада Асылбекова жөнүндө кыскача маалымат:
- Ырчы, комузчу.
- Ош филармониясынын солисти.
- Эстрада жана салттуу музыканы айкалыштырып аткарат.
- АКШнын Филадельфия шаарында кыргыз мигранттарынын балдарына кыргыз тили жана комуз сабактарын берген.
- Дастанчылыкка кызыгып, салттуу музыкалык мурастарды изилдеп жүрөт.
