Сулайман Рысбаев, профессор: «Улуттук оюндардын ар биринде кыргыздын тарыхы менен руху бар»
Көк бөрү, ордо, эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар – ата-бабадан калган жөн гана оюн-зоок эмес. Алар кыргыз элинин жашоо-турмушун, мүнөзүн, баалуулуктарын жана дүйнө таанымын камтыган тарыхый мурас. Профессор Сулайман Рысбаев Көчмөндөр оюндарынын улуттук мурасты сактоодогу жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуудагы орду тууралуу айтып берди.
– Көчмөндөр оюну аркылуу дүйнөгө кыргыздын кайсы баалуулуктарын көрсөтө алабыз?
– Кыргыз элинин меймандостугу, мекенчилдиги, айкөлдүгү, намыскөйлүгү жана эрктүүлүгү сыяктуу баалуулуктар оюндар аркылуу кеңири таанылууда. Бул – көчмөн цивилизациядан калган руханий мурастын бир бөлүгү.
– Улуттук оюндарды тарыхтын бир бөлүгү деп айтууга болобу?
– Албетте. Ар бир оюн элдин жашоо-шарты жана тарыхы менен байланышкан. Мисалы, көк бөрү көчмөндөрдүн турмушун, ордо аскердик өнөрдү чагылдырат. Демек, оюндардын артында чоң тарых жана тарбиялык маани жатат.
– Көк бөрү, ордо, эр эңиш сыяктуу оюндар кыргыздын мүнөзүн кандай ачат?
– Көк бөрүдө шамдагайлык жана эрктүүлүк болсо, эр эңиште күч менен бирге ыкма, тартип жана адилеттүүлүк талап кылынат. Ордо болсо стратегиялык ой жүгүртүүнү көрсөтөт. Бул оюндардын баарынан кыргыздын кайраттуулугу, чеберчилиги жана биримдиги көрүнөт.
– Жаш муун үчүн Көчмөндөр оюнунун кандай тарбиялык мааниси бар?
– Жаштар оюндар аркылуу ата-бабалардын салтын, наркын жана жүрүм-турум маданиятын үйрөнөт. Ошондой эле эрдик, намыс, мекенчилдик, акылдуулук жана шамдагайлык сыяктуу сапаттарды өздөштүрөт. Бул жагынан Көчмөндөр оюну – чоң тарбия мектеби.
– Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда оюндардын мүмкүнчүлүгү канчалык чоң?
– Абдан чоң. Анткени чет элдик коноктор оюндар менен катар боз үйдү, улуттук кийимдерди, манасчылыкты, комузчулукту жана меймандостукту көрөт. Ушул көрүнүштөрдүн баары кыргыздын ким экенин, анын рухун жана маданиятын ачып берет.
– Ата-бабадан калган мурасты кийинки муунга жеткирүү үчүн эмнеге көңүл бурушубуз керек?
– Мурасты сактоо менен эле чектелбестен, аны жаштарга заманбап жол менен жеткирүү зарыл. Улуттук оюндарды социалдык тармактарда сапаттуу, кызыктуу контент катары жайылтуу маанилүү. Ошондо кыргыздын тарыхы менен наркы кийинки муунга да жетет.
