Ашказан оорулары. Кооптондууручу белгилер
18 декабрь

Ашказан оорулары. Кооптондууручу белгилер

Көбүнчө адамдар мыкты гастроэнтеролог издешет. Ашказан оорулары жана алардын алдын алуу боюнча Юрфа медициналык борборунун гастроэнтерологу, медицина илимдеринин кандидаты, Ельцин атындагы КРСУнун Медицина факультетинин №1 терапия кафедрасынын башчысы, доценти Нургүл Токтогулова айтып берди. 

– Ашказанга кандай кам көрүү керек жана кандай учурларда адиске кайрылуу зарыл?

– Ашказан же ичтин же оң кабырганын алдында курч оору пайда болгондо, кусуу, жүрөк айлануу, заңдын же анын түсүнүн өзгөрүшү сыяктуу белгилерде же тери саргайганда адиске кайрылуу керек.

Дарыгерлердин жардамына муктаж болуп калбоо үчүн тамак-ашты көзөмөлдөп, сергек жашоо образын тандоо зарыл, жаман адаттардан алыс болгон жакшы. Бизге биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерди көп пайдаланган адамдар кайрылышат, анткени алкоголь ашказандын химиялык жабыркашын жаратат. Тобокелчилик тобуна ошондой эле тамеки тарткандар кирет, аларда дем алуу жолдору гана эмес, ашказандын былжыр челдери да жабыркайт, анткени ашказан жана кан эң регенерациялануучу, башкача айтканда, калыбына келүүчү органдар.

– Дагы кандай белгилер кооптуу болуп саналат?

– Ич өтүү, диарея, заңдын нормасынын бузулушу – бул белгилер курч ичеги-карын инфекциясынын белгиси, бирок инфекция башталышында гана эгер үйдөн сырт жакта бирдеме жеп алганда кандайдыр бир дискомфорт жаратканы болбосо, билинбей жүрө бериши мүмкүн. 

Кеңири таралган көрүнүш – ашказан менен он эки эли ичегинин былжыр чел кабыгындагы инфекция, бул хеликобактер пилори спираль формасындагы грам-терс микроаэрофильдүү бактерия контакт учурунда, өбүшүү, жуулбаган идиштер аркылуу, адам дааратканадан кийин колун жуубаганда фекалдык-оралдык жол аркылуу ж.б. жугат. Бул бактерияны лабораториялык изилдөөдө, заң же антитело үчүн кан тапшыруу менен гана аныктоо мүмкүн. Бул процедура ашказандын оорусунан кыйналгандарга же ашказан оорусунун башка симптомдору барларга ылайыктуу. Москвада жүргүзүлгөн изилдөөдө начар аймактарда жашаган калктын 95 пайызы бул бактерияны жуктуруп алганы аныкталган. Кыргызстан үчүн 70 пайыз – бул минималдуу көрсөткүч. Алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сакташ керек жана ишенимдүү же ишенимсиз жайдан тамактанып жатканыңды билүүгө тийишсиң. Албетте, жей турган тамагыңды үйдөн жасап,  ланч-бокска салып жаныңа алып жүргөн жакшы. Европада ушундай кылышат, а бизде азырынча мындай нерсе жакшы жайыла элек. 

– Ашказандын саламаттыгына доо кетирбеш үчүн тамак-аштын көлөмү канча болуу керек, кандайдыр бир стандарт барбы? 

– Бул же тигил салтанатка катышканда, сенин организмиң жегениңдин баарын канчалык деңгээлде сиңире алаарын билишиң керек. Илгертен бери “порция” түшүнүгү калыптанган, так ошол порция сакталууга тийиш. Ооба, убакыттын өтүшү менен порциянын көлөмү бүгүнкүгө жана адамдар жаңыдан өнүгүп келе жаткан мезгилге салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн көрсөткөн изилдөөлөр бар. Тарелка, порция, жок эле дегенде үч бөлүккө бөлүнүшү керек: үчтөн бир бөлүгү белок, эгерде ага каршы көрсөтсө болсо башкага алмаштырууга болот, экинчиси углевод жана ал узак убакытта сиңе турган болсо жакшы,  үчүнчү бөлүгү - бул организмге зарыл майлар.

– Гастроскопия жасоого конкреттүү көрсөтмөлөр барбы же каалагандын баары эле өтө берсе болобу? 

– Конкреттүү көрсөтмөлөрсүз гастроскопия жасоо зарыл эмес. Бирок өтө эле шектене берген адамдар бар, алар объективдүү далилдерди талап кылышат, анан биз комплекстүү текшерүүдөн өткөрөбүз. Гастроскопия – бул зыянсыз процедура, биздин борбордо аны тажрыйбалуу адистер аткарышат, бирок дагы бир жолу айта кетейин, ичеги-карын ооруларынын симптомдору, анын ичинде арыктоо болгон чакта гана жасалышы керек.

Чет өлкөлөрдө заманбап капсула изилдөөлөрү азыртан эле кеңири ишке ашырылууда, адам кичинекей капсуланы жутат, ал ашказан-ичеги трактынын бардык бөлүктөрүнөн өтүп, компьютерге толук маалымат берет.

– Дары-дармекти көзөмөлсүз кабыл ала берүү ашказандын саламаттыгына таасирин тийгизеби? 

– Албетте, таасир этет. Хеликобактером пилори чакырган гастриттер тышкары, бир гана дары эмес, химиялык заттардын кесепетинен пайда болуучу химиялык гастрит деп аталган диагноз да бар. Ашказандын былжыр чели абдан назик, анан албетте, химиялык чабуул зыянын тийгизет. Айрыкча, ашказан тарабынан кандайдыр бир симптомдор байкалган адамдар абайлашы керек, бирок алар нестероид тобунан деп аталган, мисалы, аспирин же ага окшогон сезгенүүгө каршы каражаттарды колдонууга аргасыз. Аны узакка колдонуу бузулууларга, негизинен индуцировандык гастритке алып келиши мүмкүн. Көзөмөлсүз иче берсе биологиялык активдүү кошумалар да кесепеттерин берет. 

– Гастроэнтерология медицина илими катары Кыргызстанда өнүгүүнүн кайсы баскычында турат жана бул жаатта бизде квалификациялуу кадрлар жетиштүүбү?

– Медицинанын «гастроэнтерология» бөлүмү биздин өлкөдө өнүгүп жатат жана негизи ал өнүгүп келе жаткан тармак болуп саналат. Бүгүнкү күндө адистер ачык онлайн мейкиндигинде чет өлкөдөн адистешүүдөн өтө алат, демек, өсүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин ооруканаларда 24 сааттык PH интервьюсу жана манометрия жүргүзүлүшү үчүн алдыбызда сцинтиграфия, капсула изилдөө сыяктуу жаңы изилдөө ыкмаларын өздөштүрүү турат. Келечекте алтын стандарт болгон фиброскан, УЗИ эластографиясы, боордун биопсиясы сыяктуу изилдөө ыкмалары кеңири жайылтылат деп ишенем. Көптөгөн бейтаптар мындай ыкмалар бар экенин билишпейт, бирок биз аларга чындап муктажбыз жана беш мүнөттүн ичинде жеке жыйынтыктарга ээ болушубуз үчүн кеңейишибиз керек.

– Кыргызстанда жеке медицинаны өнүктүрүүнүн зарылчылыгы барбы? 

– Адамда тандоо болушу керек. Бүгүнкү күндө көп адамдар начар шарттарда дарыланууну каалабай калышты, айрыкча тийиштүү жабдуулар жок жерде. Чынын айтсак, мамлекеттик мекемелердеги абал көңүлгө толо бербей, кезек күтүү көп болгондуктан ал тургай врачка кирүү да кыйын. Тилекке каршы, мамлекеттик медициналык тейлөөлөрдүн көлөмү медицинадагы бардык жаңычылдыктарды кабыл алууга үлгүрбөй калууда жана өлкө калкынын көлөмүнө жана талабына жооп бербейт, ошондуктан жеке медицина альтернатива катары өнүгүшү керек. Кабинетиң, туура калыптанган жумуш системасы болсо, медицина кызматкерлери такыр башка иштөө шартына өтөт жана сен дайыма бүгүн канча адамды кабыл алаарыңды, канча бейтап акы төлөгөнүн жана татыктуу маяна алуу үчүн канча эмгектенишиң керектигин билип турасың. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынан айырмаланып жеке борборлордо кандайдыр бир моралдык бакыбаттуулукту сезесиң.