Равшанбек Сабиров: 2025-жылы жумушсуздар мамлекет менен соцконтракт түзө алышат
28 январь

Равшанбек Сабиров: 2025-жылы жумушсуздар мамлекет менен соцконтракт түзө алышат

2024-жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 38 миң жумушчу орун түзүүнү пландаган. Бул пландарды ишке ашыруу мүмкүн болдубу, министрликтин 2025-жылга карата кандай пландары бар, быйыл социалдык контрактта кандайдыр бир өзгөртүүлөр болобу? Бул суроолорго жоопту министр Равшанбек Сабировдун “Караван-Инфого” берген маегинен табасыз.

– Равшанбек Азатович, өткөн жылы министрлик 38 миң жумушчу орунун түзөөрү жарыяланган. Бул планды ишке ашыра алдыңыздарбы? 

– Ооба, министрлик тарабынан 2024-жылы 38 071  жаңы жумушчу орундарын түзүү пландалган болчу. Анын ичинде соцконтракттын негизинде 23 миң жумушчу орун, коомдук акы төлөнүүчү иштерге – 14 миң 172 жана баланын персоналдык ассистентине 919 орун бөлүнгөн. Жылдын жыйынты боюнча социалдык контракт түзгөн жарандардын саны 22 миң 426га жетти (кошумча 2 миң 748 жумушчу орун түзүлдү), акы төлөнүүчү коомдук иштерге 12 миң 410 жаран тартылды жана персоналдык ассистент катары 507 адам жумуш менен камсыз болду. Ошентип, 38 миң 091 жумушчу орун түзүлүп, бул алдын ала болжолдоону ашыгы менен, 117 пайызга жеткирди. 

– Соцконтрактка тиешелүү: мал чарбачылыгы негизги бизнес катары эсептелинет. Бирок ал бардык багыттардын ичинен бир топ аз кирешелүү болуп саналат. 2025-жылы соцконтракттын алкагында мал чарбачылыгына акча бөлүнөбү?

– 2022-2023-жылдары мониторинг жүргүзүлүп, анын негизинде ири мүйүздүү мал кармоо бизнеси рентабелдүү эмес деп аныкталган, ошондуктан 2024-жылы майда мүйүздүү мал кармоо жаатындагы бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга сунуштама берилген. 2025-жылы 20 миң аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү камтуу пландалып жатат, мында министрлик тарабынан аталган сунуштама берилет. 

– 2025-жылы соцконтрактка кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилеби? 

– Ооба, биз жумушсуздарды социалдык контрактты алуучулар категориясына киргизүүнү пландап жатабыз. Учурда министрлик 3000 расмий жумушсузду пилоттук түрдө социалдык контракт менен камсыздоону караган Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорун макулдашууда.

– Бул эмне берет? 

– Бул механизмге жумушсуздарды киргизүү убактылуу каржылык колдоо гана бербестен, алардын эмгек рыногуна кайтып келишине шарт түзөт. Ошондой эле социалдык контракт жумушсуз жарандарга белгилүү бир шарттарды сунуштап, ага жараша каржылык колдоо көрсөтө алат, мисалы, жигердүү иш издөө, кесиптик окууга же квалификациясын жогорулатуу. Бул эмгек активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Ошентип, жумушсуздарды социалдык контрактты алуучулардын категориясына киргизүү аларды жакырчылыкты кыскартуу, социалдык колдоо жана жарандарды эмгек рыногуна интеграциялоо боюнча иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларга тартуунун маанилүү кадамы болуп саналат. Бул алардын материалдык жыргалчылыгынын өсүшү жана коомдогу социалдык туруктуулуктун жакшырышы үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет. Ошондой эле, жумушсуздар үчүн социалдык контракттарга инвестициялоо жумушсуздуктан тезирээк чыгууга алып келет, бул акыр аягында социалдык жардам системасына жүктү азайтат жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат.

– Канча үй-бүлө социалдык контрактка камтылган? Андан мамлекетке киреше түшөбү?

– 3 жылдын ичинде социалдык контракт аркылуу 35 миң 226 аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр камтылган. Бул жерде мамлекеттик саясат аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүгө багытталганын түшүнүшүбүз керек.

– Министрликтин 2025-жылга иш менен камсыз кылуу жаатында кандай пландары бар? Канча жумушчу орун түзүлөт?

– 2025-жылы жогорку технологиялуу тармактарда жана чакан бизнесте жаңы жумуш орундарын түзүүнү колдоону жана стимулдаштырууну караган Улуттук программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу пландаштырылууда. Ошондой эле, планыбызда 20 миң аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүү бар. Анын негизинде пайызсыз кредит да берилет. 

– 2025-жылы социалдык контрактын суммасы 100 миңден көбөйөбү? 

– Ооба, 2025-жылы экинчи этаптын алкагында, социалдык контрактын суммасын 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүү каралган долбоорду ишке ашыруу пландалууда.