Догдургүл Кендирбаева: Кыргызстандын билим берүү системасынын тарыхында быйыл биринчи жолу аткарылган иштер
25 декабрь

Догдургүл Кендирбаева: Кыргызстандын билим берүү системасынын тарыхында быйыл биринчи жолу аткарылган иштер

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева өлкөнүн билим берүү системасында акыркы жылдары жасалып жаткан иштер тууралуу “Караван-Инфого” айтып берди. 

– Бул жылдагы жетишкендиктер деп эмнелерди айтат элеңиз?

– Быйыл буга чейин болуп көрбөгөндөй китептерди чыгардык. Буга чейин китеп чыгарууга аз акча бөлүнүп, анын жарымы кайтарылып турган. 2024-2025-окуу жылына карата 500 миллион сомго окуу китептерин чыгардык.  Бул өтө чоң жетишкендик деп ойлойм. Негизинен акыркы 20-30 жылдын эсебинде да ушунча чоң көлөмдөгү китеп чыгаруу болбогон экен. 

Экинчиден, балдардын ысык тамагына бөлүнгөн каражатты көтөрө алдык: учурда 7 сомдон 14 сомго жетти. Ага удаа биринчи жолу мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын санын 35 пайызга жеткирдик. Балким, жаңы жылга чейин 40 пайызды камтып калабыз. 

Үчүнчү, биринчи жолу “Күндөлүк.kg” электрондук порталын түздүк. Төртүнчү, биринчи жолу санариптик аттестаттарды жана дипломдорду бердик. 

Дүйнө жүзүндө билим берүү системасы эң туруктуу эсептелген Сингапурдун ыкмасын пайдаланып, китептердин 32 линиясын тең баарын алып келип, Кыргыз мамлекетинин билим берүү сапатын жакшыртуу максатында, өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келтирилүүдө. 

– Ушул жылы биринчи жолу ишке ашырылган кандай самаалыктар орун алды?

Биринчи жолу бизде жаңы муундагы стандарттар: мектеп жана бала бакчадагы балдар үчүн даярдалып жатат. 

Биринчи жолу STEM боюнча дүйнөлүк технологиялары менен окутуу тренерлери даярдалып, учурда 24 миң мугалим билим алууда. 

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Алтын казык” ноутбугун чыгарып жатабыз. 

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу санариптик онлайн-мектебин ачуунун алдындабыз. 

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аялдардын социалдык бизнесин бала бакчаларга тартуу боюнча иштерди аткаруудабыз. 

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир мезгилде 260 кыска мөөнөттөгү, 68 толук мөөнөттөгү бала бакча ачылат. 

Кыргызстандагы алты жогорку окуу жайларынын студенттери биринчи жолу Азия мейкиндигинде ийгиликтүү орундарга жетишти. Дүйнөлүк олимпиадада биринчи жолу алтын медаль алдык. 

Биринчи жолу 12 жылдык билим берүү системасына өттүк. 

Манделанын сөзү менен айткым келип турат: “Коомду өзгөртүүчү күчтүү курал – бул билим”. 

Учурда президентибиз Садыр Нургожоевичтин билим берүү тармагына өзгөчө колдоосу менен ири инвестициялар билимге салынып жатат.

Мисалы, кийинки жылга бюджетке киргизилгендерден айтсам, 2 миллиард сом китеп чыгарууга, 1 миллиард сом мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого, 1,5 миллиард сом бала – б акчаларда иштегендердин эмгек акысына, 1,5  миллиард сом мектеп окуучуларынын ысык тамагына кетет. Бүгүнкү күндө 78 бала бакча курулуп жатат, бул жактан алганда ири держава СССРдин убагында көрсөткүчтөн Кыргызстан бул жылы ашып кетти.